www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россия менен Украина каза болгон аскер кызматкерлеринин сөөктөрүн кезектеги иретте алмашты. Бул тууралуу СТВ телеканалы билдирди.
Алмашуу Беларусь-Украина чек арасындагы «Новая Гута» өткөрмө бекетинде өттү.
Россия тарап Украинага каза болгон 252 украин аскеринин сөөгүн өткөрүп берди. Ал эми Киев Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн каза болгон 25 аскер кызматкеринин сөөгүн кайтарды.
2026-жылдын башынан бери бул сөөктөрдү алмашуу боюнча тогузунчу жол-жобо болду. Буга чейинки алмашуу 17-сентябрда «Новая Гута» өткөрмө бекетинде өткөн. Анда Украина тарапка каза болгон 252 аскердин сөөгү берилип, Россия 23 аскер кызматкеринин сөөгүн кайтарып алган.