www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башталгыч класстардын бөлмөлөрүн кичинекей балдар эмес, техникалык кызматкерлер тазалашы керек. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинин подкастында Агартуу министрлигинин Мектептик билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Мелис Музулманов билдирди.

Анын айтымында, биринчи класстын окуучулары болжол менен алты жаштагы балдар болгондуктан, алардан бөлмөлөрдү толук тазалоону талап кылуу туура эмес.

«Башталгыч класстардын бөлмөлөрүн техникалык кызматкерлер тазалашы керек», — деди министрликтин өкүлү.

Ал эми жогорку класстардын окуучуларына кезметчилик кылууга жана мектептеги тазалыкты сактоого катышууга уруксат берилет.

Музулманов белгилегендей, бул эмгекке тарбиялоонун бир бөлүгү катары каралышы мүмкүн. Балдар мектептин мүлкүн аяр кармоону, тазалыкты сактоону жана тазалоо канчалык эмгекти талап кыларын түшүнүүнү үйрөнүшү керек.

Ошол эле учурда мектепти толук тазалоо техникалык кызматкерлердин милдети бойдон калат.

Последние новости