www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облустук төрөт үйүндө капиталдык оңдоо иштери аяктоо алдында турат. Учурда негизги оңдоо иштери дээрлик толугу менен бүткөрүлүп, имараттын айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, палаталарга линолеум төшөө жана газ магистралын от казанына туташтыруу иштери калды. Ошондой эле төрөт үйүнүн короосуна асфальт төшөө иштери аяктады.
Чүй облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору Алмазбек Аскаровдун маалыматына караганда, төрөт үйүн жаңыдан оңдолгон имаратка толук көчүрүү 2026-жылдын 1-декабрына чейин пландалууда.
Оңдоо иштери аяктагандан кийин энелер жана жаңы төрөлгөн ымыркайлар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттар түзүлөт.