www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаттары Гуля Кожокулова, Нуржамал Торобекова, Айгуль Ахмедова жана Жылдыз Эгенбердиева Кыргызстан менен Швейцариянын оркестрлери катышкан достук марш-парадына катышты.

Салтанатта Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын оркестри жана 220 жылдан ашуун тарыхы бар Швейцариянын La Landwehr de Fribourg оркестри өнөр көрсөттү.

Депутат Гуля Кожокулова Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы достукка жана өз ара ишенимге негизделген мамилелерди белгилеп, эки өлкөнүн саясий, экономикалык жана парламенттер аралык кызматташтыгы мындан ары да өнүгөрүнө ишеним билдирди.

Иш-чара Швейцария Конфедерациясынын Улуттук кеңешинин төрагасы Пьер-Андре Паждын Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында өттү.

Последние новости