www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия президенти Владимир Путин президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

“Жаз майрамы – Ноорузга карата чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Россия менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелер стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык принциптерине негизделген. Эки тараптуу байланыштардын бүткүл комплексинин мындан аркы өнүгүшү биздин достук элдерибиздин түпкү кызыкчылыктарына жооп берерине, Борбор Азияда коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөөгө багытталганына ишенем. Сизге ушул жаркын майрам күнү бекем ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми бардык жарандарыңызга бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

 

 

 

Последние новости