www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 21-мартта Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Нооруз майрамына карата Ош шаарында уюштурулган салтанатка катышты.

Алгач Төрага улустун уулу күнүндө жасалган Сүмөлөктү ачуу аземине күбө болуп, ак элечекчен энелердин колунан даам сызды.

Андан соң борбордук аянттагы элди Нооруз майрамы менен куттуктап, сөз сүйлөдү.

Байыртан ата-бабаларыбыз күн менен түн теӊелген бул күндү жаӊы жылдын башталышы катары майрамдап келишкенин белгилеген Марлен Маматалиев: “Терең мааниге ээ, символикалуу жөрөлгөлөр менен коштолгон бул майрам табияттын өлбөстүгүн, жашоонун түбөлүктүүлүгүн даңазалайт”, – деди.

Ошону менен катар Төрага Ош – үч миң  жылдан ашуун   тарыхы бар, Кыргызстандын эң байыркы шаарларынын бири экенин баса белгиледи.

Айрыкча өлкө башчысы Садыр Жапаров Ош шаарынын экономикалык, илимий жана маданий багытта өнүгүүсүнө жигердүү колдоо көрсөтүп келе жатканын мисал кылган Төрага: “Калаадагы инфратүзүмдү өнүктүрүү, анын ичинен жол тармагын жакшыртуу, шаарды көрктөндүрүү жана социалдык мекемелерди куруу боюнча алгылыктуу жумуштар жасалып, чоң долбоорлор ишке ашырылууда. Буйруса, “Түрк дүйнөсүнүн маданий очогу”,  “Көз карандысыз мамлекеттердин маданий борбору”, “Улуу Жибек Жолунун провайдери” атыккан калаабыздын кадыр-баркы дагы жогорулап, келечекте Борбор Азиянын эле эмес, дүйнөлүк маданияттын ордосу болоруна терең ишенем. Бабалардан мураска калган таберигибиз катары Ош шаарын аздектеп, жакшыртууга ар бирибиз өз салымыбызды кошо берели”, – деди.

Мындан тышкары, быйылкы Нооруз Орозо айт майрамына удаалаш  белгиленип жаткандыгын жакшы жышаан катары баалаган Төрага: “Орозо руханий тазаланууга багытталган ыйык парздардын бири болсо, Нооруз жалпыбызды жаңыланууга чакырган өзгөчө майрамдардын бири. Андыктан баарыбыздын кармаган Орозобуз кабыл болуп, Жаратканыбыз ар бир бата-дубаларды орундатсын”, – деп кошумчалады.

Муну менен катар өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу да учкай кеп кылган Марлен Маматалиев: “Айрыкча аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, калктын көйгөйлөрүн чечүүгө катуу басым жасалууда. Социалдык мекемелер курулуп, айлык маяналар, пенсия, жөлөк пулдар эселеп көтөрүлүүдө. Иш орундары түзүлүп, инфратүзүмдөр жакшырууда. Албетте бул чек эмес. Ынтымак жана биримдиктин туусу астында алга карай умтулсак, жакынкы аралыкта Кыргызстанды гүлдөгөн мамлекетке айландыра алабыз. Андыктан, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, эгемен өлкөбүздүн жаркын келечеги үчүн талыкпай эмгектенели”, – деди.

Майрамдык салтанат байыркы маданиятты, руханий баалуулуктарды чагылдырган атайын программа менен коштолуп, Төрага баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары улуттук оюндарга да күбө болушту.

Последние новости