www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төрага Марлен Маматалиев коштоп барган Жогорку Кеңештин депутаттары менен бирге Германия Федеративдүү Республикасында окуп, иштеп жашап жаткан мекендештер менен жолугушту.

Жолугушууда бир катар миграциялык, социалдык маселелер көтөрүлүп, мекендештердин жашоо шартын жакшыртууга байланышкан сунуш-пикирлер айтылды.

Төрага Марлен Маматалиев расмий сапарынын максаты тууралуу учкай кеп кылып: “Эки тараптуу алакаларды арттырууга багытталган маанилүү жолугушууларды өткөрдүк. Баарлашууда Германиядагы мекендештердин жашоо шартын жакшыртуу жана аларды керектүү кесиптерге окутуу менен ишке орноштуруу, ошондой эле визалык жол-жоболорду жеңилдетүү маселелерин көтөрүп, аталган багытта алгылыктуу иштерди жүргүзүү боюнча макулдаштык. 

Эми сиздер менен жолугушуп, суроо-талап, сунуш-пикирлериңиздерди угууну көздөп келдик. Башкы мыйзам чыгаруу органы катары айтылган ар бир маселеге астейдил көңүл буруп, өз ыйгарым укуктарыбыздын чегинде керектүү иштерди алып барабыз”, - деди.

Жолугушуу суроо-жооп иретинде уланып, мекендештер виза берүү процессин жеңилдетүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнүштү. 

Муну менен катар маданий баалуулуктарды сактоо максатында ар кандай иш-чараларды өткөрүү үчүн кыргыз боз үйүн алып келип берүүнү суранышты.

Төрага резервдик фондунан каражат бөлүп, жасалгаланган кыргыз боз үйүн белек кыларын убада кылып, 31-август - Эгемендүүлүк күнүндө тиктирип берерин кошумчалады.

Мындан тышкары, айрым мекендештер Кыргызстанга инвестиция тартууга көмөктөшүүгө даяр экендиктерин билдиришсе, айрымдары Европада жашаган журтташтар үчүн кызматташуу аянтчасын түзүү зарыл экендигине токтолушту.

Ошону менен бирге көйгөйлөрүн жана пикирлерин угуу үчүн келген Төрага Марлен Маматалиевге жана депутаттарга ыраазычылыгын айтышып, мындай жолугушуулар бардык расмий сапарлардын программасына киргизилсе деген сунушун беришти. 

Ал эми Төрага депутаттар эл тарабынан шайланган элдин өкүлү экенин белгилеп, кайсы жерде болбосун калктын суроо-талаптарын угууга даяр экендиктерин баса белгиледи.

Последние новости