www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казактын белгилүү акыны Мухтар Шаханов 83 жашында дүйнө салды. Кайгылуу кабарды Казакстандын Маданият министрлиги таратты. Акындын саламаттыгы начарлап, соңку жылдары ооруп жүргөн.

Мухтар Шаханов 1942-жылы Түштүк Казакстан облусунда туулган. Ал чыгармачылыгын аймактык гезиттерде кабарчы болуп иштеп жүргөндө баштаган. 1989-жылы СССРдин парламентине депутаты болуп шайланып, 1986-жылдагы Желтоксан окуяларына саясий баа берүү боюнча маселени алгачкылардан болуп көтөргөн. Казакстан эгемендик алган соң Нурсултан Назарбаевдин бийлигин сындап, казак коомундагы маселелерди ачык айтып келген.

Шаханов 1993-2003-жылдары Казакстандын Кыргызстандагы элчиси катары эмгектенген. Ал кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов менен жакын чыгармачыл жана достук байланышта жүрүп, “Аскада калган аңчынын ыйы” аттуу жыйнакты жарыялашкан.

Шахановдун “Чындык формуласы жана махабаттын Эверест чокусу” аттуу китебинде Айтматовго арналган эскерүүлөрү камтылган.

Мухтар Шахановго Кыргызстанда “Кыргыз эл акыны” наамы жана “Данакер” ордени ыйгарылган.

Последние новости