www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

30-сентябрда Чүй облусунун Жайыл районунда дизелдик отун ташыган 35 тонналык автоцистерна катышкан жол кырсыгы катталды.

Кырсыктын кесепетинен дизелдик отун төгүлүп, жер тилкеси мунайзат продуктулары менен булганган. Мындан тышкары, отундун бир бөлүгү Кара-Балта дарыясына түшүп, суу объектисинин булганышына алып келген.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө айлана-чөйрөгө келтирилген зыян үчүн жооптуу тарап аныкталды.

Булгануунун мүнөзүн жана деңгээлин аныктоо үчүн министрликке караштуу Экологиялык мониторинг департаментинин адистери жер кыртышынан жана суудан үлгүлөрдү алып, лабораториялык изилдөөгө жөнөтүштү.

Анализдердин жыйынтыгынын негизинде Чүй регионалдык башкармалыгы тарабынан окуяга укуктук баа берилет. Мыйзамда каралган негиздер аныкталса, жооптуу тарапка административдик укук бузуу боюнча протокол түзүлөт.

Ошондой эле жердин жана Кара-Балта дарыясынын булганышынан келтирилген экологиялык зыяндын көлөмү эсептелет. Зыянды өндүрүү боюнча талаптар коюлуп, зарыл болгон учурда сотко кайрылуу чаралары көрүлөт.

Экологиялык зыяндын так өлчөмү лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына, булганган жердин аянтына, суудагы булгануунун деңгээлине жана айлана-чөйрөгө төгүлгөн дизелдик отундун көлөмүнө жараша аныкталат.

 

Последние новости