www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков экс-депутат Исхак Масалиев менен болгон мамилеси тууралуу жергиликтүү басылмалардын бирине маек берди.

Анда "Өнүгүү - Прогресс" фракциясынан депутат болуп келген Исхак Масалиевдин отставкага кетер алдында Дастан Жумабековдун дарегине айткан сын-пикирин төрага анын жеке көз карашы катары баалай турганын билдирди.

"2017-жылы төрагалыкка талапкер болгонумда, ал оппонентим болчу. Бирок көпчүлүк добуш менен мен өтүп кеттим. Исхак Апсаматович ошондон бери менин ар бир сөзүмдү көзөмөлгө алам деп аракет кылып жүргөн окшойт деп ойлоп калдым. Бүгүн эстеп жатам да, ага чейин биз бири-бирибизди мыйзамдарда колдоп, абдан жакшы, сый мамиледе болчубуз", — деди Жумабеков.

Эске сала кетсек, 21-майда парламент жыйынында Исхак Масалиев мандатын тапшырарын жар салган. Өзүнүн туулган күнүндө атайын сөз алып сүйлөгөн депутат 25-майдан баштап парламенттин мындай курамы менен мындан ары иштеше албай турганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости