www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Бакыт агай, биз демократия деп атып кандай саясий агым менен кетип атканыбызды деле түшүнбөй калдык. Өлкөдө демократия деген түшүнүк болгону менен, демократиядан эбак тайып кеткендей абал өкүм сүрүүдө. Биздеги саясий агымдын нугун кандай чечмелесе болот?

--Аскар Акаев демократия деп саясий агымды баштаган. Башында "Кыргызстан демократиянын аралчасы" деп эл аралык система боюнча кабыл алынган. Демократия деген сөз эркиндиги, адам укуктары, ар бир жаран өз көз карашы менен жашаган система. Биз демократияны ашырып жибердик. Экономика артта эле калып кетти. Өзбекстан экономика менен демократияны эки канат сыяктуу бирдей алып баратат. Бизде демократия деген канатыбызга басым жасалып, экономика деген канатыбыз сынып калды. Бир канатыбыз сынып калгандыктан, бир канатыбыз менен уча албай, ордубузда эле айланып жатабыз. Демократиялык агым болгону менен саясий күрөш күч алды. Саясий тайпалардын күрөшү чыныгы демократияны муунтуп койгонсуду. Биздеги саясий абал саясий тайпалардын күрөшүнө көз каранды.

--Саясий тайпалар деген түшүнүк эмне?

--Достор, санаалаштар, кызыкчылыгы дал келгендер саясий партияны түзүшөт да, өздөрүнчө тайпа болушат. Бул тайпага негиздеген адамдардын туугандары, жакындары киришет. Булардын классикалык программасы жок. Тайпа саясатында кимдер президентке жакын деген таасирди талашат. Кызыкчылык жаралган учурда бириге калышат. Ушул саясий агым бизди демократиядан анархияга алып келди. Эл азыр бир дагы партиянын программасына ишенбейт. Ушул партияда өзүбүздүн адамыбыз бар экен, ошону колдоп коёлу деген түшүнүк менен тандайт.

--Демократиялуу өлкөбүз деп айтпай эле койгонубуз туура болобу?

--Акыркы 10 жылдагы абал менен баа бергенде, классикалык демократия бар өлкөбүз десек туура болбой калат. Себеби, тайпа демократиясы бекем орун алып алды. Мисалы, "Ата-Мекен" партиясы Өмүрбек Текебаевдики, "Республика" Өмүрбек Бабановдуку, "Бир Бол" Алтынбек Сулаймановдуку деп кабыл алынат. Алардын программасын эч ким сурабайт, партиянын башында ким турат экен деп сурашат. Өмүрбек Бабановдун тайпасы дегенде таластыктар биригели деп чыгышат. Бабановдун программасы Сулаймановдун же Текебаевдин программасынан эч кандай айырмасы жок.

--Демократияда атаандаштык тиреш деген болушу керек да?

--Дал ошондой. Эгер атаандаштык, тиреш болбосо, аны уюштуруш керек. Бул диалектиканын мыйзамы. Карама-каршы көз караш болушу керек. Эгерде карама-каршылык болбосо коом дагы, адам дагы өспөйт.

--Президенттин тегерегинен жарык издеген тайпалардын тиреши анархияга жол ачып жатабы?

--Туура, анархияга өтүп баратканыбыздын себеби дагы кыргыздын тайпалык түшүнүгү. Азыр бизде базар экономикасы же социализм, капитализм эмес, тайпалык башкаруу. Олигархтардын, бийликтеги адамдардын тегерегинде үй-бүлөсү, шоопур, жансакчы, куда-сөөктөрү. Классикалык демократиянын идеалисттик көрүнүшү тайпа саясатына алмашты. Тайпанын чоң дору жолугушат да президентке жардам берели же болбосо президентке каршы иштеп, муну дагы кетирели деп сүйлөшүшөт. Ошондой жол менен тайпаларга бөлүнүп жатабыз.

--2010-жылдан бери кандай тайпалар доор сүрдү?

--"Шоопур" деген ат менен таанылган Икрам Илмиянов өз алдынча тайпа түзгөнгө жетишкен. Ошол тайпа Атамбаев учурунда таасирлүү болду. Атамбаев дагы Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүн айланасынан тазалап, жаштардан куралган тайпа түздү. Ал тайпасыныи акыбалы кандай болгонун көрүп жатабыз.

--Азыркы президенттин тегерегинде таасир талашкан тайпалардын тиреши байкалабы?

--Күчтүү тайпалар президент тарапта. Азыр аларга каршы чыкчу чоң оппозициялык тайпа жок. Чакан тайпалар каршы чыгып жатат. Атамбаевдин тайпасы, Садыр Жапаровдун тайпасы, Мадумаровдун тайпасы каршы пикирин айтып жатат.

--Президентке атаандаш болчу тайпалар барбы?

--Бүгүнкү күндө президентке атаандаш болчу тайпа жок.

--Жаралышы мүмкүнбү?

--Күчтүү тайпалар бириксе атаандаш болот. Жалгыз жеке тайпа атаандаш боло албайт. Атамбаев чыкты эле эмне болду? Бийликтин көп куралдары бар. Ошол куралдарга туруштук бере турган тайпа жок.

--Эмне үчүн жаралбайт?

--Азыркы Конституциянын негизинде андай тайпа жаралышы мүмкүн эмес. Биздеги Конституция менен бир дагы тайпа президентке каршы чыга албайт.

--Бабановдун тагдыры эмне болот?

--Бабанов деле ушул Конституция менен эч нерсе кыла албайт. Бийлик айтканды аткарып, ынтымак менен иштегенден башка аргасы жок. Оппозиция болом. АКШ Германиядагыдай жол менен бийликти алам десе, колунан эч нерсе келбейт. Азыркы Конституция иштеп турса, эч ким тынчтык жолу менен бийликти ала албайт.

--Атамбаев абакта жатканы менен балдары саясий партия түзүп, саясий оюнга улам-улам дем берип жатпайбы...

--Атамбаевдин балдары жасап жаткан аракет жаш балдардын оюнундай эле. Бийлик кичине күч келгенде эле каалаган партияны басып коёт. Кээ бирөөлөр революция болушу мүмкүн деп атпайбы. 2028-жылга чейин эч кандай революция болбойт. Атамбаев бийликке келгенде эч кандай революция болбойт, "смело" иштей бериңиз деп айткам.

--Сиздин анализиңиз боюнча кийинки президент революциялык жол менен кетеби?

--Ооба, кийинки президенттин мөөнөтү бүтөөрүнө 1 жыл калганда революция болушу мүмкүн.

--Шайлоо учурунда оппозициялык талааны ээлегенге кайсыл топтун мүмкүнчүлүгү бар?

--Азыр Мадумаров оппозициянын эң чоңу. Ошондо башкаларга караганда мүмкүнчүлүк жогору. Бирок, ага дагы көпчүлүк эл ишенбей калбадыбы. Эл бир эле Мадумаровго эмес, ант берген президенттерге дагы ишенбей калды. Жакынкы күндөрү жумушсуздук маселеси жаралат. Болжол менен чет жакта иштеп жүргөн 100 миңден ашык мекендешибиз кайтып келет. Аларга жумуш таап бериш керек болот. Дүйнө жүзүндө бай менен кедейлердин ортосундагы ажырым чоңойду. "Чоң Казаттын" билдирүүлөрү 300 миңге жакын лайк басып жатышат. Лайк баскандарды чакырса, алардын 5 пайызга жетпегени гана келишет. Калгандары эшикке чыга алышпайт. Бизде лайк баскан чоң оппозиция бар.

--Экөөбүз 2018-жылы саясий анализ жасаганыбызда, Атамбаевдин тагдыры жакшы эмес, камалат деп анализ жасадык эле. Азыркы президенттин иштегенине 3 жыл толгону жатат. Келечекке анализ барбы?

--Азыр эрте, Жээнбековдун келечегин 2022-жылы айтайлы. Акыркы тарыхтан кыргызга президент болгон адам качат же камаларын билип калдык. Ошон үчүн Кыргызстанда президент болгон адам бактылуу болбойт.

--Абылгазиевдин саясий карьерасы ушуну менен бүттүбү?

--Премьер-министрди азыркы күнөөлөгөн окуя боюнча бир мыйзам уруксат берсе, бир мыйзам жол бербейт деп жазылып калган. Бул саясий маселе. Саясий логика боюнча Абылгазиев шайлоого чейин иштеп бериши керек. Премьер-министр өзүнө ылайыктуу жакшы тайпа түзүп алды. Канчалаган акимдерди, министрдин орун басарларын, ишканаларга жетекчилерди дайындады. Алар ыраазычылыгын билдириш үчүн Абылгазиевди коргойт. Абылгазиевдин дарегине айтылып жаткан окуялар ага каршы муш. Бул муш жыга түшчү күчкө ээ эмес. Бул адам камалбайт. Карама-каршы келген мыйзамдар бар, ошого такап тура берет.

--Президент бул кишини аябай жакшы коргоого алды, эч ким бул адамга тиш салган жок. Президент ушундай кишини садага катары чаап салышы мүмкүнбү?

--Саясатта баардык нерсе болушу мүмкүн. Абылгазиевди чаап салуу керек болсо, заматта эле ошол нерсе ишке ашат.

Булак: Жаңы Ордо

Последние новости