www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каракол-Эңилчек унаа жолунда сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы алдын ала алынган маалымат боюнча, 19-июль күнү саат 12:40 чамасында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары Каракол-Эңилчек унаа жолунун 6 чакырымын кум шагылга толтуруп, унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жараткан.

Тазалоо иш-чараларын жүргүзүүгө №11 ЖТИден 1 жүктөгүч, Суу чарба башкармалыгынан 1 жүктөгүч жана Жарандык коргонуу комиссиясы тартылган.

Кыргызгидромет 18-19-июлдарда тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу боюнча шашылыш эскертүү таркаткан.
Кошумча маалымат берилет.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости