www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз маданиятына чоң салым кошкон инсандардын бири, “Мөлмөлүм” ж.б. чыгармаларды жогорку деңгээлдеги чеберчилик менен элибизге тартуулап келген ырчы Малик Аликеевдин учурда ооруп аткандыгы тууралуу маалымат тараган. Ырчы Талас жергесинде болгондуктан NazarNews маалымат агенттиги телефон аркылуу байланышып, ден соолугунан кабар алдык.

Малик Аликеев 5 жыл мурун операция болгон, ошол оорусу кайра кармап, учурда баса албайт. Оору буттан алса да, чыгармачылыгын токтотпой комуз чертип, өнөрүн элге тартуулоого белсенип жатканын айтты.

“Эшикке чыгып бир нерсе жасайын десем баса албайм. Комуз чертип олтурам. Эл сахнадан көрөбүз деп колдоп, ден соолугумду сурап телефон чалып атышат. Жакында Бишкекке барам, операция ийгиликтүү өтсө, жасай турган иштерим көп,”- деди ал.

Ошондой эле, ал элге ыраазычылыгын билдирип, жаш өнөр ээлерине маанилүү кеңешин айтты.

Ал эми маекти толугу менен  төмөнкү видеодон көрө аласыздар:

Булак: NazarNews.kg

Последние новости