www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Сардоба суу сактагычына жакын жайгашкан аймактарда техногендик ири кырсыктан кийин кургакчылык өкүм сүрүүдө. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыкты.

Өзбекстандын Суу чарба министрлиги кургакчылык жөнүндөгү маалыматтарды тастыктады. Бирок абал анчалык деңгээлде оор эмес экенин ырастоодо.

Маалыматтарга караганда, Сардоба суу сактагычында бир миллиард куб метр суу болгон, кырсыктан кийин топтолгон суунун 40% агып кеткен.

Сардоба суу сактагычы 2018-жылы курулуп, пайдаланууга берилген. Ал Өзбекстандын суу жетишсиздигинен улам өнүкпөй калган аймактарын суу ресурсу менен камсыздоого багытталган.

Эске сала кетсек, суу сактагычтын дамбасы 1-майдын таңында жырылып кетип, Өзбекстандын жана коңшу Казакстандын бир нече районун суу каптаган. Бул аймактардан 70 миңге жакын тургун эвакуацияланып, алты киши  көз жумган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости