www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түштүк кореялык Viv Studio компаниясы каза болгон кыздын апасынан кызы тартылган бардык видеолорду алып, анын бүт образын кайра чагылдырып берген. 7 жаштагы Найон айыкпас генетикалык оорудан улам үч жыл мурда каза болгон. Бул туралуу  "360" каналына Hankyung сайты шилтеме берип жазып чыккан.

Эне менен кыздын жолугуушусу “Сени менен жолугушуу” документалдык фильминде көрсөтүлгөн. Чан Чжи атайын шлем, колкап кийип, кызын көрүп, угуп гана калбай, аны  кармай да алган.

Виртуалдык реалдуулукта кыз апасына “апа” деп кыйкырып, чуркап келген. Чан Чжи Найон жөнүндө ар күнү ойлогонун  айтып ыйлаган. Бирок кыз коштошуп жатып, апасынан ыйлабашын сураган.
Сеанс бүткөндөн кийин эне Найон жөнүндө айтып берген. Анын айтымында кыз ооруп калганда доктурлар жөн гана суук тийген  деп ойлошкон. Бирок кыз бир ай төшөктө жаткандан кийин каза болуп калган. Арадан үч жыл өткөнүнө карабай, Найондун сүрөтү үйдө илинип турат, ал эми апа кызынын мүрзөсүнө жума сайын жаңы оюнчук алып барып турат.

Жолугушууну уюштуруу үчүн Viv Studio компаниясы виртуалдык реалдуулук боюнча өлкөдөгү эң мыкты адистерди чогулткан. Алар Найондун бардык сүрөт, видеолорун анализдеп чыгышкан. Кыздын өзүн алып жүрүүсүн, адаттарын, мимикасын жана кыймыл-аракеттерин үйрөнүшкөн. Ушул маалыматтарга таянып, кыздын уникалдуу образы жаралган. Учурда бул видео интернетте тарап, көптөгөн адамдарды ыйлатып, айрымдар каза болгон жакындары менен жолугуу тилектерин да жазганга жетишишкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости