www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда энеси таштап кеткен таштанды ымыркайды ит сактап калды. Бул тууралуу өзбек маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, окуя 6-февраль күнү Өзбекстандын Самарканд шаарында катталган. Анда, 21 жаштагы кыз жаңы төрөгөн баласын дарактын түбүнө таштап кеткен. Ымыркайды таап алган ит, бөбөктү  тиштеп алып кожоюнуна алып барып берген. Чочулаган жаныбардын ээси,  таштанды баланы дароо медиктерге өткөрүп бергени айтылууда.

Дарыгерлердин билдиришине караганда, ымыркайды ооруканага алып келгенде баланын ар кайсы жери тытылып, үстү булганып  калган.

Ушул тапта баланын  абалы орточо оор деп бааланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости