www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу окурмандар сиздердин алдыңыздарга “NazarNews.kg”маалымат сайты буга чейин дагы уурдалган жана плагиатор ырчыларды ачыкка чыгарып келгенбиз. Мындан ары да “Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар...” аттуу рубрикабызды тартуулай бермекчибиз. Бул рубрикадан сиздер кыргыз ырчыларынын чет элдик ырчылардын ырларын уурдап же плагиаттык кылып ырларды аткарып жүргөндөрүн жарыя кылабыз.

Кыргыз шоу-бизнесинде ырчылар көбөйдү. Бул жакшы нерсе. Бирок алардын арасында таланты бар таанышы жоктор четке сүрүлүп калып кетсе, кээ бир үнүн уксак коркуп кете турган ырчылар, компьютердин жардамы менен жылдыз болуп жүргөндөр да жок эмес.

Акыркы жылдары коёндой окшош ырлар көп жарала баштады. Бирок, азыр ырчысы, аранжировщиги деле ильхомго карап, эмгектенбей эле даяр ырларды уурдап, хит кылып, авторлору менен иши жок которуп ырдап жүргөндөр көбөйдү. Канткен күндө да айрым ырчылар музыкалык форма, натуралдык үндүн жана музыкалык акустиканын эрежелерин сактап жүрүшсө жакшы болмок.

Бул жумадагы каарманыбыз КРнын эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков жана анын аткаруусундагы “Сени сүйөм” аттуу ыры тууралуу болмокчу. Бул чыгарманы Мирбек 2009-жылы аткарып чыккан. Ырды жарыкка чыгарганда сөзү, обону өзү экенин баса белгилеген. Бирок, ырчы мырза жалпы журтту дүйнөлүк ырчылардын ырларын угуп, билбейт деген ойдобу айтор бул ырды чет элден уурдап алганын айткан эмес.

Ырдын түпкү нускасы Америкалык ырчы жана композитор Клод Келлиге таандык. Клод бул чыгарманы 2007-жылы “Like an Iceberg” аталышында аткарып чыккан. Мирбек Клоддон ырдын өзүн гана уурдабастан, анын стилин, ырдоо манерасын да уурдап алган өңдүү. Төмөндө ырдын эки варианты тең бар. Ырды уккан соң, эки ырчы мырзанын ыры коёндой окшош экенин байкай аласыздар!

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости