www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чегирткелер Эфиопия, Кения жана Сомалини басып кетти. Муну “библиялык чума” деп атап коюшту. Бул тууралуу National Geographic Россия билдирди.

БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму Түштүк Африканын чөлүндө чегирткелердин көбөйгөндүгүн билдирди. Эфиопия менен Сомали акыркы 25 жылдан бери чегирткелердин чабуулун башынан өткөрүп келет, а Кения болсо 70 жылдан бери.

Белгилей кетсек, аталган чегирткелер айыл чарба жерлерин талкалап жана аймактагы нормалдуу жашоону алсыздандырып, күнүнө 150 чакырымга чейин аралыкты жүрө алат.

БУУ чегирткелер менен күрөшүүгө 10 миллион доллар бөлүп берди. Бирок, чегирткелердин пайда болушун алдын алуу үчүн 70 миллион доллар керектелет. FAO белгилегендей, чегирткелер менен күрөшүүнүн натыйжалуу ыкмасы учактан ууну чачуу. Эгер мындай чара көрүлбөсө, июнь айында чегирткелердин саны 500 эсе көбөйүп кетет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости