www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Түркия кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) Кыргызстандагы координатору Али Муслу жана агенттиктин долбоорунун адиси Санжар Алтымышов менен жолукту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда тараптар кызматташууну жакшыртуу жана 2020-жылга карай жумуш планын иштеп чыгуу маселелерин талкуулашты.

Каныбек Исаков эки өлкөнүн мугалимдери үчүн тажрыйба алмашуу программасын уюштурууну жана кесиптик билим берүү уюмдарынын техникалык базасын жаңылоо боюнча иш алып барууну сунуштады.

Түркия кызматташтык жана координация агенттигинин өкүлдөрү берилген сунуштар боюнча кызматташууга даяр экенин билдирди. Агенттик Кыргызстандагы муктаждыгы бар мектептерди мөмө берүүчү жана жөнөкөй бак дарактар менен жашылдандырууга көмөктөшөөрүн кошумчалады.

Мындан сырткары капиталдык ремонтко муктаж мектептерге да жардам берүүгө кызыкдар экенин кошумчалашты.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости