www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия орусиялыктарга all inclusive системасын сактап калууга убада берди. Түрк мейманканалар федерациясынын башчысы Сурури Чорабатырдын айтымында, пандемиядан кийин шведдик стол жана “баары ичинде” сиситемасы өлкөнүн мейманканаларында кала берет. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, буга чейин ЖМКлар Түркиянын Маданият жана Туризм министри Мехмет Нури Эрсойго шилтеме кылып, коронавирустун кесепетинен токтоп калган туризм тармагы калыбына келтирилгенден кийин, мейманканалар алгач шведдик столдон баш тартышы мүмкүн деп айткан.

“Аll inclusive жана шведдик столду жокко чыгаруу жөнүндө сөз болгон жок. Эгерде биз өткөн жылы туристтик агенттиктер менен ушул кызматтарды ушул мезгилде сатуу боюнча келишим түзүп калсак, алар кантип жокко чыгарылышы мүмкүн?" - деди Чорабатыр.

“Система коноктор жана мейманкананын кызматкерлери үчүн күчөтүлгөн коопсуздук чаралары менен иштей берет. Бирок бул анын жокко чыгарылышын билдирбейт. (...) Биз биринчи жолу адаттагыдай эле кардарлар көп болбой тургандыгын жана мейманканалар өз мүмкүнчүлүктөрүнөн төмөн иштей тургандыгын түшүнөбүз. Андыктан аларга гигиеналык чараларды көрүү жана адамдар арасындагы коопсуз аралыкты камсыз кылуу кыйын болбойт”, - деди Түркиянын мейманканалар федерациясынын башчысы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости