www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акын, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Зайырбек Ажыматов 1-майда "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилет. 

Маалыматка ылайык, коштошуу 1-май күнү саат 9:30да башталат. Андан соң маркум Мамлекеттик "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилет.

Эске сала кетсек, Зайырбек Ажыматов кечээ, 29-апрелде, каза болгон.

Белгилүү акын 1976-жылы 27-майда Аксы районунун Ак-Жол айылында төрөлгөн. 1993-жылы айылдык орто мектепти, 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

"Жалгыздык", "Мелмил", "Нөлү көп жылдар", "Жүрөктөгү бороон" ыр жыйнактарынын автору.

Журналистикадагы эмгек жолун 1998-жылы "Асаба" гезитинен баштаган. Андан кийин "Кыргыз Туусу", "Бишкек таймс" гезиттеринде, КТРКнын радио тармагында иштеген. Азыркы тапта "Азаттык" радиосунда иштеп жаткан.

КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамы ыйгарылган.

NazarNewsтун жалпы жамааты маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөбүз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости