www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

5-октябрда Бишкекте 65 миңге чейин көрүүчү катыша турган жаңы «Бишкек Арена» стадионунун ачылыш аземи өтөт.

Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, ири иш-чарага байланыштуу шаарда унаалардын агымы көбөйүп, жол тыгындары жаралышы мүмкүн.

Ушуга байланыштуу жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана транспорттук жүктөмдү азайтуу максатында, Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, 5-октябрда Бишкектеги мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин, министрликтердин, ведомстволордун, бюджеттик жана билим берүү уюмдарынын иши онлайн форматка өткөрүлөт.

Мэриянын маалыматына караганда, кабыл алынган чаралар иш-чара өтүп жаткан күнү шаардагы транспорттук жүктөмдү азайтууга, ошондой эле мекемелердин үзгүлтүксүз ишин жана окуу процессин камсыз кылууга багытталган.

Последние новости