www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Пакистандын Ооганстандын аймагына жасаган аба соккуларынан кеминде 9 адам каза болуп, 11 адам жаракат алды. Бул тууралуу талибдердин өкмөтүнүн өкүлү Забихулла Мужахидге таянып ТАСС маалымдады.
Анын айтымында, пакистандык аскерлер Кунар жана Гильменд провинцияларына абадан сокку уруп, анын кесепетинен жай тургундар каза болгон. Ошондой эле соккулардан үч имарат талкаланган.
Буга чейин, 24-сентябрда, Ооганстандын Тышкы иштер министрлиги Пакистан тараптын чек арага жакын Кандагар, Хост жана Пактия провинцияларына жасаган соккуларына байланыштуу Кабулдагы Пакистандын убактылуу ишенимдүү өкүлүн чакырган.