www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Республика боюнча көптөгөн аялдамалар дээрлик эскирди. Айрым аялдамалар Союз мезгилинде курулган. Конструкциялары эскирип, жарандар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шартты камсыздай албай калган.
Мындан улам республика аймагындагы эскирген аялдамаларды этап-этабы менен жаңылап, заманбап аялдамаларга алмаштыруу иштери башталды.
Жаңы аялдамалардын долбоорун, конструкциясын жана сырткы жасалгасын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Өндүрүштүк-инновациялар борбору” иштеп чыгууда.
Жаңыланган аялдамалар сапаттуу курулуп, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн кызмат кылат.
Жакынкы убакытта жаңы жасалган аялдамаларды пайдаланууга берүү пландалууда.