www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин 2026-жылдын 18-мартындагы жыйынында депутат Борбиев Болотбек Ибраимович тарабынан Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Токтогул суу сактагычында кытай синтетикалык балык уулоочу торлордун салынышы, ошондой эле суу сактагычты балыктын чабактары менен балыктандыруу маселеси көтөрүлгөн.

Бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаменти төмөнкүдөй маалымдайт. 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-октябрындагы №636 “Айрым суу сактагычтарда киреше табуу үчүн, массалык түрдө балык кармоого мораторий киргизүү жөнүндө” токтомун аткаруунун алкагында төмөнкүлөр маалымдалат.

Аталган токтомдун 1-пунктуна ылайык, Балык өнөр жайы комплекси департаменти тарабынан 2026-жылдын октябрь айында төмөнкү суу сактагычтарды орточо салмагы 25 грамм карп-сазан балыгынын чабактары менен балыктандыруу иш-чаралары пландалууда:

🔹 Токтогул суу сактагычына — 150 000 даана; 

🔹 Киров суу сактагычына — 100 000 даана;

🔹 Базар-Коргон суу сактагычына — 10 000 даана;

🔹 Шамалды-Сай суу сактагычына — 5 000 даана;

🔹 Таш-Көмүр суу сактагычына — 5 000 даана 

Мындан тышкары, токтомдун 3 жана 4-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан Токтогул, Базар-Коргон, Күрп-Сай, Шамалды-Сай, Таш-Көмүр, Үч-Коргон жана Киров суу сактагычтарында мыйзамсыз балык уулоону жана браконьерликти алдын алуу максатында рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Последние новости