www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарындагы кулаган аттракцион боюнча окуянын себептерин териштирүү үчүн атайын комиссия түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда Ош шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кырсыктын себептерин текшерүү максатында Ош шаарынын мэриясынын алдында атайын комиссия түзүлдү. Калаа башчысынын тапшырмасы менен шаардагы бардык эс алуучу жайлардын аттракциондорунун техникалык абалы, коопсуздугу атайын текшерүүдөн өтөт. Бул окуяны шаар мэри жеке көзөмөлүнө алды", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Эске салсак, 14-майда Ош шаарындагы "Жеңиш" сейил багында аттракцион кулап андагы эс алуучулар жабыркап бейтапканага түшкөн.

Булак: Супер инфо

Последние новости