www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарында жол тоскондорго кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Кундуз Эсенгулова журналисттерге кабарлады.

Маалыматка ылайык, 5-июнь күнү Нарын районунун Жерге-Тал айыл өкмөтүнө караштуу Кырк-Боз үй аймагына 150дөй киши жайлоого барчу жолду тосуп алган. Алар "Кочкор районунун малчыларын жайытка киргизбейбиз" деп чогулушкан. Аларга өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмилбек Алымкулов жолукту. Бирок топтолгондор тарабай турат.

Ал эми жерегеликтүү элдердин бергени маалыматына таянсак, жайлоону тосконго 500гө жакын адам чогулган. Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу Азамат Бакиров “Жайыт талаш...
Нарын облусунун башчысы Эмил Алымкулов чогулган элди “ичип алгансыңар” деп тилдеди” тилдеди деген билдирүү менен видеотасма жарыялаган.

Кум-Бел жайлоосу негизинен Нарын районунун Жерге-Тал айылына караштуу. Бирок өкмөттүн токтому менен 2030-жылга чейин Кочкор району узак мөөнөткө пайдаланууга алган.

Окуя боюнча Нарын райондук ичик иштер бөлүмү Жазык Кодексинин 265- беренеси (“Жолдорду мыйзамсыз тосуу”) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости