www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сыдыгалиев министрлерге тиш салды, азуусу өтөбү?

Өткөн жумада Жогорку Кеңеште депутат Нурбек Сыдыгалиев комитет жыйындарына келбей койгон министрлерге карата «Ташиевдин кейпин кийип калбагыла» деп кескин зекиген билдирүү жасады. Мунун менен депутаттарды тоготпой, парламентке басып келбеген министрлерди көзүңөрдү ачкыла деген ишарат кылды.

Чынында ачуусу аябай келген экен:

 - Ташиевге окшогондор “Мен президенттин досумун” деп жүрүшкөн да, туурабы? Сессияга келип алып чегинен чыккандар болгон. Бир эле калемдин учу менен анын тагдырын чечип коёт. Премьер-министр, биринчи вице-премьерлер, министрлер, калемдин учу менен тагдырыңар чечилет. Ошондуктан биздин комитет министр келсин дегенде келип турушу керек, - деп агынан жарылган.

Бул жерде Сыдыгалиев мурдагы УКМК башчысы Ташиевге окшоп, мамлекеттик кызматтагы адамдар бийликтин жогорку эшелонуна жакын экенине таянып, парламент менен эсептешпей калбашы керектигин белгилеп, катуу эскертүү жасап жатат.

Айрымдар, бул жагдайды жоо кеткенден кийин кылычыңды ташка чап дегендей, Ташиев азуусун айга жанып турганда үн ката албай жүргөндөр эми баатыр болуп жатышат деп сынга алышты. 

Бирок, канткен менен Сыдыгалиев чындыкты айтты. Жогорку Кеңештин аброюн эл өкүлдөрүн теңине албаган текебер аткаминерлер дагы түшүрүп жатаканы анык. Демек, анча-мынча мурду көктү карагандардын тизгинин кагып турган оң. Себеп дегенде каалайбызбы-каалабайбызбы парламент элдин жүзү.

Последние новости