www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Улуттук тарых музейинде Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы маданий кызматташтыктын алкагында венгр тарап белекке берген китептерди тапшыруу аземи өттү.

Иш-чарага Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары А. Ш. Мадаминов, Венгриянын Кыргызстандагы элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Андрей Букай, Улуттук тарых музейинин директорунун орун басары Абдилашим уулу А. жана китептердин Кыргызстанга жеткирилишине көмөк көрсөткөн Асель Калканова катышты.

Белекке берилген басылмалар музейдин китепкана фондун толуктап, илимий-изилдөө иштерин өнүктүрүүгө жана маданий байланыштарды кеңейтүүгө багытталат.

Жолугушууда Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн мааниси белгиленди. Катышуучулар мындай демилгелер маданият, илим жана билим берүү тармактарындагы эл аралык байланыштарды бекемдөөгө салым кошорун белгилешти.

Улуттук тарых музейи венгр тарапка баалуу белеги жана тарыхый-маданий мурасты сактоого жана жайылтууга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Последние новости