www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев күзүндө президенттиктен өз каалоосу менен кетиши мүмкүн экени тууралуу аңыздар казактын даркан талаасында желдей жорто баштады.

Жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт дегендей, мындай сөздөр жөн жеринен чыкпасын эске алганда, Токаевге каршы күчтөр активдешип, ички саясий чыңалуу курчуп келе жатканын баамдаса болот.

Арийне, былтыркы 2022-жылдын 5-январь айындагы Алматыда орун алган Каңтар окуясынан кийин Касым-Жомарт Токаев эл ишенимин бекемдөө максатында күзүндө мөөнөтүнөн мурда кайрадан шайлоо өткөрүп, жеңип чыккан. Андан бери бир жылга аяк баса элек. Ал эми жалпысынан Нурсултан Назарбаевден бийликти өткөрүп алган 2019-жылдан бери алганда, бийликте отурганына дээрлик 4 жарым жылга чукулдап калды. Бирок, өз алдынча президент катары Казакстандын эки тизгин бир чылбырын чындап өз колуна алганына, кыйын болсо араң бир жылдан ашты десек жарашат. Себеп дегенде, Каңтар окуясына чейин Нурсултан Назарбаевдин "кол баласы", өз алдынча саясат жүргүзө албаган "номиналдуу президент" катары сыпатталып келген. 

Кызыгы, колу-жолу эми кишенден бошоп, чыныгы бийликтин даамын жаңыдан татып баштаганда, басмайылы бошоп жатканы чоң маселе... Буга ички-тышкы бир нече факторлордун таасири тийип жатканы байкалат. 

Дегенибиз, дээрлик 30 жылдан бери мамлекетти башкарып калган Назарбаевдин мураскери Токаевдин саясий чөйрөсүндө экөөнүн ортосунда саясый тиреш күч. Тактап айтканда Токаев Назарбаевдин кланынын курчоосунан толук бошоно элек. Бир көзү бир көзүнө жоо дегендей, ишеним арткан командасынын толугу менен тамыры бош. 

Экинчиден, Токаевдин көп векторлуу саясат жүргүзүү аракети, өзгөчө Батышка ыктаганы, ирегелеш турган Россиянын каш-кабагына туура келбей жатат. Айрыкча, Россия менен Украинанын ортосундагы саясий кризис, согуштук жаңжал, Казакстанды аяр мамиле кылууга түрттү. Ишеним эки жактан тең төмөндөдү.  

Канткен күндө дагы Токаев беш тилде эркин сайрап, өтө билимдүү болгону менен саясатта кыраакы эмес, сүрү жок экендиги анык байкалып калды. Тилекке каршы Саясат, акылдуулукту жана өтө кыраакылыкты талап кылат эмеспи. Элин кандай башкарды өз иши, бирок Казакстандын  экс-президенти Нурсултан Назарбаевде арстандай сүр бар болчу. 

Дагы бир маселени эске алсак, жеке аскердик компанияны жетектеген Пригожиндин жакында эле бунт чыгарып, Москвага "театралдык" жүрүш жасаган окуясында, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бул жагдайды Россиянын ички иши катары баалап, Кремлге сыртын салышы, араң турган көз эле, чыгып кетти өзү эле болуп, ансыз дагы мына-мына үзүлчүдөй үлбүрөп турган өнөктөштүк ишенимге ого бетер доо кетирди. Жарака тереңдеди. Ачык айтканда Москва мындай саткындык мамилени кечирбей тургандыгы айтпаса дагы түшүнүктүү. 

Дегенибиз, 2022-жылдын 5-январында орун алган Каңтар окуясында, Касым-Жомарт Токаев Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюмунан көмөк сурап, Москванын түздөн-түз кийлигишүүсүнүн натыйжасында, аталган уюмдун аскер күчтөрү Казакстанга кирип, башаламандыктарды жөнгө салган. Тактап айтканда Масква тарап Токаевдин режиминин кулашын, төңкөрүштөн аман сактап калган. Ал эми Кремлдин өнөктөштөрдү сыноодон өткөргөн "Пригожин сценарийи" Токаевдин анык жүзүн ачты. Москва муну таасын сезди. "Карышкырды канча баксаң деле токойду эңсейт" дегендей, Путин Токаевге канчалык бооруна тартса да, Батышты караган мамилесинен Кремлдин көңүлү көк таштай сууду десек болчудай. 

А баса, айрым маалыматтарга таянсак Токаев үчүн ушул жылдын күзү оор болоору айтылууда. Мындай коркунучтун коңгуроосу активдүү фазага өтүп кетпеш үчүн, өлкөнүн бүтүндүгү, коопсуздугу алдыңкы планга көтөрүлүп, Касым-Жомарт Токаев марттыгын карматып, өз каалоосу менен бийликти өткөрүп берүүгө мажбур кылат деген пикирлер айтыла баштады.

Арийне, азыркы тапта Борбордук Азия өлкөлөрүндө бийликти өткөрүп берүү трансформациясы бир кылка өңүттө эмес, саясий чыңалуу менен коштолуп келе жатканын баарыңыздар билсеңиздер керек. 

Алсак, Нурсултан Назарбаевдин бийликти Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп берүүсү, Каңтар окуясы менен аяктады. Кыргызстанда Алмазбек Атамбаевдин Сооронбай Жээнбековго бийлигин берген транзиттин аягы Октябрь төңкөрүшү менен жыйынтыкталды. Өзбекстанда Каримовдун кайтыш болушу бийликтин Шавкат Мирзиёевге өтүшүн шарттады. Албетте, бул жагдай кыйла жеңил өттү.

Түркмөнстанда бийлик транзити Гурбангулу Бердымухамедов баласы Сардар Бердымухамедовго өткөрүп берүү менен ийгиликтүү жыйынтыкталды. Бирок "каш боёбо, чач боёбо" деген ички кысымдары менен саясый чыңалуу сакталып турат. Баса, жакында эле бир жыйында Сардар Бердымухамедовго Путин кол бербей кашын сыламыш болуп койгонунда кандайдыр бир кеп бар экенин айтпай кетпесек болбойт. 

Кызыгы, азыркы учурда бир гана Тажикстандын президентти Эмомали Рахмон баласы Рустамга бийликти өткөрүп берүү транзитин ишке ашыра албай, бирде Батышты, бирде Кремлди карап жолун таппай чайналууда... Тилекке каршы, Путин капталын жеген карышкыр саясатчы болгондуктан, "сөзүндө турбаган" президенттердин көбүнүн мүнөздөрүн беш колдой эмес, беш колдун тамырындай так билет эмеспи, андыктан алардан абайлап калганын жолугушуулардан Путиндин көз карашынан даана байкасак болот. Ал тургай Путинге жакында эле Пригожин Кремелдеги "саясый саткындарды жана коркоктордун" бетин кашкайтып ачып бергени дүйнө жүзүнө маалым.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости