www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Польшадан шайланган Европа парламентинин депутаты Ева Зайончковская-Герник Украина боюнча өткөн талкуу учурунда украин улутчулдарынын желегин эл алдында айрып салды. Бул тууралуу ал 7-июлда X социалдык тармагына жазган.

«Бандеранын нацизмине жол жок! Европа парламентинде мен Украинанын Европа Биримдигине мүчө болушуна каршы чыгып, поляк жарандарынын геноцидинин символу деп эсептеген Бандеранын желегин айрып салдым», — деп жазды депутат.

Зайончковская-Герник Украин улутчулдарынын уюмунун (ОУН) жана Украин козголоңчу армиясынын (УПА) желегин айрып салган.

Депутаттын айтымында, Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин нацизмди даңазалоого байланыштуу аракеттери айыптоого татыктуу жана бул Украинанын Европа Биримдигине кирүү жараянын кыйла жайлатат.

«Киши өлтүргүчтөрдүн символу түшүрүлгөн желек менен Украинанын Европа Биримдигине карай жолу — бул уят иш», — деп белгиледи Европа парламентинин депутаты.

Последние новости