www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин түштүк тарабындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жарылуу болуп, андан кийин чыккан өрттүн кесепетинен Түштүк Кореянын 50 жаштагы жараны каза болгонун Бишкек ШИИББи билдирет.

Алдын ала маалымат боюнча, имараттын экинчи кабатында газ баллон жарылган.

Медициналык тез жардам борборуна 54 жаштагы аял ар кандай жаракаттары менен жана баш мээнин жаракаты, сөөктөрү сынган 12 жаштагы бала ооруканага жаткырылган. 

Учурда Түштүк Кореянын жаранынын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн экспертиза дайындалды.

Белгилей кетсек, бүгүн, 21-августта Бишкектеги көп кабаттуу үйдөн чыккан жарылуу чыгып, өрттү өчүрүүгө саат 15:31де Октябрь райондук №5 ӨКБдан 2 бөлүм жана штаб тартылган. 

Алардын аракети менен өрт саат 16:25те толук өчүрүлгөн. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости