www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте аял өз жанын кыюуга аракет кылган, бирок аны ӨКМнын кызматкерлери куткарып калганын министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чыгыш-5 кичи районунан белгисиз аял өз өмүрүнө кол салууга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Чакыруу түшөөрү менен ӨКМдин куткаруучулары окуя болгон жерге ыкчам жетип барышкан. Алардын кесипкөйлүк жана ыкчам аракеттеринин натыйжасында жаран аман-эсен куткарылып, андан ары КР ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

ӨКМ жарандарды кайдыгер болбоого чакырат. Эгер кооптуу кырдаалга күбө болсоңуздар же кимдир бирөөгө жардам керек болсо - дароо «112» кызматына кабарлаңыздар.

Последние новости