www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

5 жаштагы өгөй кызын атасы өлтүрүп, аны көмүп салган. Бул тууралуу орусиялк маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 12-ноябрь күнү Крымда өгөй атасы кызы жоголуп кеткенин айтып милицияга кайрылган. Кызды 200 дөн ашык адам издешип, бирок таба алышкан эмес.

Тергөөнүн жүрүшүндө арыз менен кайрылган киши өзү өгөй кызы тил албаганын жана атасы катары көрбөгөн үчүн өлтүргөнүн айтып берген. Ал эми кыздын көмүлгөнүн Орусиянын тергөө комитети видеого тартып жарыялаган.

Тергөөчүлөр кыз муунтуп өлтүрүлгөнүн тастыкташкан. Кызын өлтүрдү делген өгөй ата өз баласы менен Украинага качып кетүүгө аракет кылган.

Учурда тергөө иштери жүрүп, шектүү 14-январга чейин камакка алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости