www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаровго жана бир катар мамлекеттик органдарга 2010-жылдагы Апрель жана Июнь окуялары боюнча ачык кайрылуу жолдонду.

Кайрылуунун авторлору 2010-жылдагы окуялар боюнча айрым кылмыш иштерин кайра карап чыгуу, мыйзамсыз жоопкерчиликке тартылган деп эсептелген адамдарды реабилитациялоо, алардын жарандык жана социалдык укуктарын калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүүнү сунушташты.

Ошондой эле көз карандысыз мамлекеттик комиссия түзүү, сот чечимдерин кайра кароо, адилет соттук териштирүү эл аралык стандарттарга ылайык өткөнүн текшерүү жана мыйзамсыз куугунтукка кабылган жарандарды актоо тууралуу мыйзам кабыл алуу демилгеси көтөрүлдү.

Кайрылууда 2010-жылдагы окуялардан жабыркаган бардык тараптардын азап-тозогун таануу, кыргыз менен өзбек элинин ортосундагы ишенимди жана ынтымакты калыбына келтирүү зарылдыгы белгиленет. Демилгечилердин пикиринде, туруктуу жарашуу чындыкка, адилеттүүлүккө жана өз ара түшүнүшүүгө негизделиши керек.

Кайрылуунун толук мазмунун жана эл билбеген кызыктуу маалыматты NazarNewsтун YouTube каналынан көрө аласыздар.

Последние новости