www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алматы шаарындагы моргдун алдында COVID-19дан каза болгон жакындарынын сөөгүн алып кетүүгө келгендердин узун кезеги пайда болду. Адамдардын көптүгүнөн өлүккана жумуш күнү аяктагандан кийин да ишин улантууда. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Ушу тапта соцтармактарда Алматыдагы моргдон коронавирустан кайтыш болгон жакындарынын сөөгүн алып кетүү үчүн сааттап кезек күтүп турган кишилердин видеолору тарап жатат.

Жарандардын айтымында, узун кезектин пайда болушуна адамдын өлгөндүгү тууралуу маалымкат алуу процедурасынын узактыгы жана ооруканаларда өлүмдүн көп болуп жаткандыгы себеп болууда.

Азырынча моргдун өкүлдөрү имарат алдындагы бул көрүнүштөр боюнча комментарий бере элек.

Алматы шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы өлүккана алдындагы узун кезекти бир сөөктү алууга көп киши келип жаткандыгы менен түшүндүрдү.

«Айрым учурларда бир сөөктүү алуу үчүн экиден онго чейин киши келип жатат. Каза болгондордун сөөктөрү 12 сааттын ичинде берилет. Бул жерге адамдын өлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн алып келишет. Ошондуктан кошумча убакыт талап кылынууда», — деди башкармалыктын өкүлү.

Акыркы маалыматтар боюнча Казакстанда коронавирустан 264 бейтап каза болду. Пневмониядан өткөн айда эле 628 киши көз жумган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости