www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери өткөрүлүп жаткан «Арсенал» аталышындагы ыкчам-профилактикалык иш-чаранын алкагында район аймагында комплекстүү рейддик жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Нет описания фото.

Иш-чаранын негизги максаты — мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал-жарактарды жана ок-дарыларды аныктоо, мыйзамсыз жүгүртүүнүн алдын алуу, ошондой эле мыйзамсыз аңчылык фактыларын болтурбоо болуп саналат.

Рейддик иш-чаралар учурунда заманбап техникалык каражаттар, анын ичинде учкучсуз учуучу аппараттар (дрондор) колдонулууда. Алардын жардамы менен алыскы жана жетүүгө кыйын болгон аймактар көзөмөлгө алынып, мыйзамсыз аңчылык кылган жана мыйзамсыз балык уулаган жарандарды аныктоо максатында Ак-Суу РИИБ мыйзамсыз аңчылык фактылары дрондор аркылуу көзөмөлдөнөрүн эскертет.

Нет описания фото.

Ошондой эле кызматкерлер аңчылыкка чыккан жарандар менен жолугушууларды өткөрүп, курал-жарактарды мыйзамдуу сактоо жана пайдалануу тартиби боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Жарандарга мыйзамсыз сакталган курал-жарактар менен аңчылыкка чыкпоонун зарылдыгы белгиленүүдө.

Мындан сырткары, Ак-Суу РИИБи жарандарды «Арсенал» операциясынын алкагында мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал-жарактарды өз ыктыяры менен тапшырып, мыйзамдаштырууга чакырат. Өз ыктыяры менен тапшырылган курал-жарактар боюнча мыйзамда каралган жеңилдиктер каралат.

Жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар коомдук тартипти камсыздоого, жарандардын коопсуздугун жогорулатууга жана кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган.

Нет описания фото.

Ак-Суу РИИБи жарандарды мыйзам талаптарын так сактоого жана укук коргоо органдары менен активдүү кызматташууга чакырат.

Последние новости