www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 13-февралда, Салык кызматы пресс-конференцияда Салык Күзөт аналитикалык системасын жана анын иштөө принциптерин тааныштырды.

Пресс-конференцияда Салык кызматынын төрагасынын орун басары Бакыт Джиенбеков бул система салык органдары көп жылдар бою туш болуп келген системалык көйгөйлөргө жооп катары иштелип чыкканын белгилеп өттү.

Анын айтымында, мурда аналитикалык иштер кол менен жүргүзүлгөн, ал эми маалыматтар ар кандай системаларда сакталган. Бул жалпы картинаны толук көрүүнү кыйындатып, кыянаттык менен пайдалануу жана келишип алуу тобокелдигин жараткан.

«Биз үчүн адам факторун минималдаштырган технологиялык чечимди табуу маанилүү болду», — деп белгиледи ал.

Система бажы кызматынын маалыматтарын, электрондук эсеп-фактураларды, товардык-транспорттук коштомо кагаздарды жана башка мамлекеттик маалымат ресурстарын бириктирип, айырмачылыктарды, экономикалык тобокелдиктерди жана салык төлөөдөн качуунун жаңы схемаларын аныктайт.

Ошондой эле, система текшерүүчүлөрдүн иш-аракеттерин контролдоо милдетин аткарат. Отчеттуулук формалдуу түрдө туура көрүнгөнү менен иш жүзүндөгү төлөмдөр көрсөтүлгөн маалыматтарды тастыктабаган учурда, система мындай дал келбестиктерди каттайт.

Ал чечим кабыл албайт жана жазалоо жүргүзбөйт. Ал инспекторлорго маалыматтарды тезирээк жана так талдоого жардам берип, ак ниет бизнеске болгон жүктү азайтат.

Системаны киргизүүнүн максаты — ак ниет бизнес туруктуу артыкчылыктарга ээ болгон ачык жана адилеттүү салык чөйрөсүн түзүү.

Последние новости