www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Унаанын айдоочусу ролду башкара албай, унаа жер төлөгө (подвалга) түшүп кетти. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине Милициянын кайгуул кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-июль күнү болжол менен саат 19:30 чамасында  Гаспром мектебинин жанында Тойота Камри үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу Сухэ-Батор көчөсүнөн түштүктү көздөй бара жатып, автоунааны башкара албай атайын тосмодон өтүп, жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүнүн бетонуна кулап түшкөн.

"Алдын ала маалыматтар боюнча 4 киши жабыркап ооруканага Тез жардам унаасы менен алып кеткендиги айтылууда.

Азыркы учурда жол кырсыгы катталган жерде Милициянын кайгуул кызматы иштеп жатат. Дагы кошумча маалымат берилет", - деп айтылат билдирүүдө.

Күбөлөрдүн айтымында, 6 жабырлануучу бар. Алар 12 жаштан 16 жашка чейинки балдар жана алардын төртөөсүнүн абалы оор.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости