www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2008-жылы америкалык көзү ачык, гипнотерапевт жана жазуучу Сильвия Браун "Жашоонун бүтүүсү: Дүйнөнүн акыры жөнүндөгү божомолдор жана дал келүүсү" аттуу китебинде 2020-жылы адамзат пневмонияга окшогон ооруга туш болуп, дүйнө жүзүнө жайылып кетет деп жазган. Бул тууралуу украиналык ТСН.ua басылмасы жазып чыкты.

Американська письменниця, медіум і екстрасенс Сільвія Браун

Белгилей кетсек, 12 жыл бою жазуучунун китеби популярдуу болгон эмес, пандемиядан кийин гана Амазондогу эң көп сатылган китептердин бирин толуктаган.

Ал эми аталган китепте жазуучу коронавирус пандемиясы күтүлбөгөн жерден башталып, кайра оору жок болот, бирок, 2030-жылы кайрадан жаңы вирус чыгышы күтүлөт деген.

“Болжолдуу 2020-жылы Жер шарына өпкөнүн пневмониясына окшош олуттуу оору жайылат. Илдет өпкөгө жана тамакка чабуул кылып, жөтөл менен коштолот. Медицинадагы белгилүү болгон ыкмаларды тоготпойт. Бирок бир убакытта оору бат пайда болгонундай эле тез жок болуп кетет. 10 жылдан кийин кайталанат да, ошону менен түп орду менен жоголот”,- деп жазган.

Ага кошумча, китептен рак оорусу менен ооругандар жеңе баштайт, наристелер сууда гана төрөлүшөт, адамдар денесин өлүмдөн мурун гана таштап кете алышат жана Жакынкы Чыгыштагы согуш 2050-жылга чейин аяктайт деген божомолдорду да кездештирүүгө болот.

Эске сала кетсек, бул дал келүүлөргө эч ким көңүл бурган эмес. Тилекке каршы, 2013-жылы китептин автору көз жумган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости