www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кудайга чын жүрөгү менен берилип, ишенип жашаган адам гана чыныгы бактылуу адам. Өз эрки менен, ак ниети менен Кудайдын ак жолуна илимдин негизинде түшүп жашоонун өзү - адамдын өзүнүн демократтыгын көрсөткөндүгү. Өзүн-өзү башкаруунун өзү - демократия. Бүт дүйнөнүн адамдары, биз, ааламдан берилген Теңир илиминин негизинде жашап жатабыз, биз Теңирдин башкаруусуна баш ийебиз, бир гана Теңирге б.а. Кудайга сыйынып жашоо-турмуш өткөрөбүз, Кудай үчүн биз, дүйнө адамдары бирдейбиз, баарыбыз бир Кудайдын балдарыбыз, баарыбыз Кудайдын жасап берген Жер үйүндө жашап жатабыз, баарыбыз бир атанын (Кудайдын) балдарыбыз, бир тууганбыз, бири-бирибизге бир туугандык мээрим менен жашайбыз, тилибиз башка, тилегибиз бир деген ой-пикирге бүт дүйнөнүн адамдары өткөндө гана чыныгы демократиялуу жашоо келет. Чек ара жоюлат, коркутуу, үркүтүү, басынтуу, көрө албастык, кара өзгөйлүк ж.б. терс ойлор, терс пейилдер жоюлат, ак ойдон ак нур чыгып, ал нур ааламга барып аалам тазаланат, Алла ыраазы болуп пендесине мээримин төгөт, Алла мээримин төгүп, көз кырын салса, ак ой, ак пейилиңе жараша ишиң оңолот, жашоо-турмуш да пейилиңе жараша оңолот. Демек, 21-кылым илимий түшүнүктүн негизинде адамдардын пейилин (ички дүйнөсүн) ак жолго салып оңдоочу, чыныгы жаңы адамды (байлыкты, бийликти ойлобогон) тарбиялоочу доор болуп эсептелет. Бийлик менен байлык жөнүндө ой болгондо эч качан демократиялуу жашоо болбойт. Себеби, андай учурда ачкөздүк, көрө албастык, кызгануучулук сыяктуу Кудайга жакпаган тескери сапаттар өкүм сүрөт. Байлык да, бийлик да чеги менен, эл менен бирге, бири-бирине камкордук көрүү, мээрим төгүү менен жашоо-турмуш өтүү керек.

Ушундай коомду Ленин кургусу келген, идея аябай туура болгон, бирок, эң чоң жаңылыштыгы, «дин элдин башын айландырган апийим» деп түшүнгөндүгүндө болду. Кудайсыз илимди таратты, акыры эмне болду? Атадан балага, баладан атага мээрим кетти, боорукердик сезим өчтү, себеби, сезимди, ички дүйнөнү тарбиялоочу илимдин ордуна, кийингенди, ичип- жегенди, алдап мамиле түзүүчү илим пайда болду, аягы паракорлукка, ачкөздүккө такалып, сый-урматы жок коом пайда болду. Элди башкаруунун жолдору көп, ошол эл башкаруунун элге жаккан, дүйнө баалаган, мазмуну өтө терең башкаруу жолу демократиялык ыкма деп аталат. Бирок, акылдуу адамдарды башкаруунун демократия жолу - ар бир адамдын кандан канга өтүп келе жаткан генетикалык өзгөчөлүгүн, бир адам эмес, бир улуттун канындагы тээ ата-бабасынан бери келе жаткан өзгөчөлүгүн эсепке алып, ошонун негизинде канында калыптанган бир өзгөчөлүгүнө баа берип, ошол өзгөчөлүктү баалап, барктап, дайыма эске тутуп, эстеп эл башкарууда эсепке алып элди башкарса, падыша элди көп азап-тозоктон, кайгы-кападан сактап калат. Башкаруу ар бир улуттун канындагы касиетти эсепке алып башкарганда гана ийгилик алып келет. Кандан мүнөз пайда болот, мүнөздөн жашоо, тагдыр келип чыгат.

Ошентип кыргыздын демократиясы канга сиңип, салтка айланып, кыргызды өмүр бою айбанчылык мамиледен сактап, ааламда Алланын буйругунун негизинде, ыймандуулукту жашоонун өзөгү катары баалап, кылымдан кылымга аман- эсен өз тилин сактап, жүрөктөгү оттой мээрими менен аксакалдардын гана башкаруусунда, жашоонун бардык жаман, жакшы көрүнүштөрүнө тең, калыс мамиле жасап, элдин таламын жактап, мүдөөсүн көздөп жашап келе жатат. Кыргыздын салты түбөлүккө сакталып, эл тарабынан өтө жогору бааланып, ар бир кыргызга жашоонун мыйзамы катары кабыл алынып, эч кандай зордук-зомбулуксуз эле, бирөөлөрдүн көрсөтмөсүсүз эле, кыргыздар демократиялык башкаруу экендигин сезбей эле, салт - бул ар бир кыргызмын деген пенделердин ар-намысын сактоочу куралы катар бааланып, түбөлүккө эл менен бирге жашап келе жатат. Салтты бузууга Хандын да, акылга кирген уул-кыздын да акысы жок. Салтты, б.а. демократиялык башкарууну бузгандарды эл жазалаган.Элдин жазасына эч бирөө каршы болууга акысы болгон эмес, «калк айтса калп айтпайт» деген ураандын негизинде жашоо-турмуш өткөрүп келишкен. Кыргыздар калыс жана Алланын жолунда жүрөгү ак, дили таза, алдоо, калп айтууну билбеген калк катары, тарыхта байыркы эл катары жашап келген. Ушундай таза касиеттүү калк болушуна көчмөн турмуш өтө чоң таасир берген. Себеби, көчүп, конуп жүрүп, башка элдерге аралашып, алардан таасир албаган. Таза аба, таза суу, кооз жайлоодо көчүп жүрүп, жаратылыш кандай таза болсо, жүрөгү да ошондой таза болуп, суудай, абадай тазалыгын ак оюнда сактап, ак дили менен жашоо-турмуш өткөрүп келген эл болгон. Ошондуктан канга сиңген калыстык менен теңдиктин демократиясы бузулганда кыргыздын каны кайнап, каарданып, бузгандарга жолборстой айбат көрсөтүп каршы турган. Чындык жок жерде ыйман жок, калп айтканды «ыйманыңды жебе, өлүп баратсаң да чынын айтып өлчү» деп, ыйманды өлүмдөн жогору коюп жашап келген. Жашоо бул - байлык таап жашоо эмес. Байлыгың түбөлүктүү дөөлөт эмес. Жашоо бул - жүрөктөгү мээримиң. Сапатты бек сактаган - ал ыйманың. Жашоо бул - элди бийлеп жашоо эмес. Элиңдин эмгегинен баюу эмес. Жашоо бул - Аллабыздан ак жол тилеп, ак жолдон адашпастан өтүү деген.

Жашоо бул - жамандыкка баруу эмес. Жамандап, эл бийлигин алуу эмес. Жашоо бул - элиң менен бирге жашап, салт сактап, калкты барктап өтүү деген. Демократия деген - мээримдүүлүк көрсөтүп, элди сактап, барктап, элдик жашоону жөнгө салуу деген. Кыргыздар чет элдин демократиясы менен эмес, салт-санаага сиңген кыргыздын демократиясы менен гана көп ийгиликтерге жетишет. Эгерде демократиянын талаптарын аткарса, бул жол, мындай башкаруу - чыныгы элдик башкаруу болуп, эл менен бирге жашап өмүр сүрөт. Эл байлыгын, жер байлыгын элге тең бөлсө гана жашоонун ачкычын, демократиялык башкаруунун ачкычын тапкан болот. Демократиялык жол менен башкаруучу башчы болуу үчүн, канында мээримдүүлүк болуу керек. Мээрим Алла берген белек болот, жашоодо ал өзгөчө керек болот, Ынтымак-ырыскыны бек кармаган, жашоонун ал туткасы деген болот. Мээрим боорукерлик сезим берет, жашоонун ушул сырын чечип берет, Ынтымак, биримдикке баш коштуруп, калыстык бооруна тартып берет. Ушундай адамдын ички сезиминдеги жакшы адамдык сапаттар - ыйман, ынтымак, боорукердик, мээримдүүлүк, ырайымдуулук сыяктуу көрүнүштөр демократиянын өзөгүн түзөт. Ушундай сапаттарга багытталган башкаруу - чыныгы демократиялуу башкаруу болуп элге кызмат кылат жана эл менен бирге жашайт. Тескерисинче, ачкөздүк менен ыймансыздыкка багытталса, элдин каршылыгы күчөп, элдин жеңиши менен бүтөт.

Ошондуктан ички дүйнөсү, жүрөгү демократ болгон, ал касиет канына сиңген адам бийликке келгенде гана чыныгы демократия ишке ашат. Андай болбогондо, сөзү башка, иши башка болуп, аягында элден ажырап, эл ишеничинен калат. Мындай көрүнүштөргө дүйнөдө көп далилдер бар. Себеби, демократиялык башкаруу - соопчулук жасоочу Кудайга жаккан жол. Башка жол Теңирге жакпайт, ошондуктан ачкөздүк менен алдамчылыкка алданып, убактылуу жыргоо болгон менен (Акаев, Бакиев, Атамбаев бийлиги), аягы кайгылуу болот. Жашоосу армандуу, азаптуу болуп өтөт. Кудайды б.а. Теңирди унуткан башкаруу жарк этип жалындаган менен, аягы кара туманга капталып, туюк жолго түшүп, тушалып алга жыла албай, сөз менен өстүрүп, иш жүзүндө эч нерсе жок болот. Мисалы, дүйнөнү дүңгүрөткөн СССР ушундай ыкма менен кулатылган. Аягын тарых көрсөтөт. Аргасыздан адам жашаган доордо чыныгы демократиялык коом курулабы? Же максаты башка, сүйлөгөн сөзү башка, иштеген иши башка болуп, жашоо уланып, доор алмашып өмүрлөр өтө береби? деген ойго аргасыздан келесиң.

Кеңешбек Айтикеев, жазуучу

Булак: NazarNews.kg

Последние новости