www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандан чыккан UFC мушкери Валентина Шевченко Tapology спорттук басылмасынын версиясы боюнча эң мыкты 100 мушкердин катарына кирди. Толук тизме порталдын сайтына жүктөлдү.

Акыркы маалымат боюнча, Шевченко 58-орунду ээлеп турат. Жалпысынан рейтингге 224 спортчу киргизилген. Арасында карьерасын жыйынтыктаган атактуу спортчулар дагы бар. Аларга бааны ММА сүйүүчүлөрү берген.

Аралаш мушташ тарыхында эң мыкты мушкер деп канадалык Жорж Сен-Пьер табылган. Ал UFC уюмунда эки салмак категория боюнча чемпион болгон. Экинчи сапты учурда орточо оор (93 килограмм) салмакта бел курду тагынып турган америкалык Жон Жонс ээлеген. Үчүнчүгө мурдагы чемпион, бразилиялык белгилүү мушкер Андерсон Силва илинген.

Төртүнчү орунга UFC уюмундагы чемпиондук наамын бир нече жылдар бою коргоп келип, азыр башка компания менен иштешкен Деметриус Жонсон, ал эми бешинчиге россиялык Федор Емельяненко жайгашкан.

Булак:  NazarNews.kg

Последние новости