www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясатчы Камчыбек Ташиевдин, учурда убактылуу Москвада жашап жаткан Өмүрбек Бабанов менен “кар урушуп эмес” жанаша түшкөн сүрөтү социалдык тармактарда кызуу талкууга алынды. Сүрөт тууралуу Камчыбек Ташиев агынан жарылып, “Майдан.кж” гезитинин башкы редактору Нургазы Анаркуловго маек берген. Маектин жүрүшүндө учурдагы саясый кырдаалга токтолгон.

- Айрым эксперттердин пикиринде, Б.Талгарбеков, Б.Асанов, К.Кадыровдун абактан чыгышы бийликке плюс алып келиптир. Буга кошуласызбы?

- Мен буга кошула албайм. Саясий туткундар мыйзам чегинде, өздөрүнүн жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндүгүнө байланыштуу азаттык алышты. Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровдун мөөнөтү бүткөн да. Ал эми Б.Талгарбеков боюнча сот андан бир кылмыш иши боюнча айыбын алып салды, а экинчиси боюнча мөөнөтүн өтөп, шарттуу бошотууга туура келгендиктен чыкты.

“Атамбаев болбосо КСДП азыркы жогорку деңгээлге жетмек эмес”

-Акыркы кезде экс-президент А.Атамбаев абдан олуттуу билдирүүлөрдү жасап жатат. Ошондон улам коомчулукта “Атамбаев жегенин жеп бүттү, дагы олку-солкулуктарды каалап жатат, аны тезинен камаш керек”- деген ой айтылууда. Ага негиз барбы? Бул биринчиден. Экинчи маселе – учурда КСДП партиясы экиге бөлүнүп кетти. “Атамбаевсиз КСДП” кыймылы өз алдынча, экс-президенттин жактоочулары өз алдынча съездге даярдык көрүп жатышат. Бул жагдай катуу талкууга алынууда. Карапайым эл: “кырылыша беришсин, бизге нан менен ыр болсо болду”- деп кайдыгер.

-Атамбаевден партияны тартып алуу аракети туурабы?

- Биринчиден, Атамбаев алып барып эле камап коё тургандай кой эмес да. Ал кечээки президент, бүгүн экс-президент катары Башмыйзам кепилдеген укуктары бар. Анан эле саясий билдирүүлөрүн бетке кармап, “камаш керек”- деген саясат туура эмес. Атамбаев өзү ушундай ката кетирсе да, анын катасын кайталабаш керек. Мен өзүм саясий куугунтук көргөн, анын азабын тарткан адам катары айтып коеюн, минтип “камай сал”- деп кошоматчылык менен жан баккандар ар бир бийликтин тушунда болот. Аларга алдырбаш керек. Адилеттүүлүк керек, эгерде камоого туура келе турган деңгээлде мыйзамды бузганы дплилденсе, анда мыйзам алдында ал дагы башка катардагы эле жарандай жоопкерчиликке тартылышы керек.

Экинчиден, Атамбаевден КСДПны тартып алуу аракети башынан туура эмес нерсе. Атамбаев болбосо КСДП азыркы жогорку деңгээлге жетмек эмес. Катардагы партиянын президент чыгарган чоң саясий күчкө айланышына Атамбаевдин кошкон салымы чоң. Кошоматчылык жасашып, тебелеп тартып алабыз дегенден көрө, Атамбаевге мүмкүнчүлүк бериш керек эле. Аны менен таза акыйкат шайлоодо теңтайлашып, жеңип алышса – анда башка кеп болмок. Атамбаев менен барып КСДП жеңилип калса – анда бул маселени көтөрүп чыгышса цивилдүү болмок.

- Кызык экен бул позицияңыз. Атамбаев тууралуу жакшы ой айтып калганыңызга караганда, ага кошулуу ниетиңиз бар окшойт?

 - Мен ачык айтайын, Атамбаевге жан тартып жаткан жокмун, чындыкты гана президентке жетсин деп айттым. Мен билем, кошоматтанып, президентти туура эмес жолго түрткөндөр бар. Ачуу болсо да президентке айткым келди, себеби ага мунун баары жетпейт, жетсе да башкача жеткизишет. Ал эми Атамбаевге мен эч качан кошулбайм. Анын саясаты башка, меники башка. Бирок, чындыкты мындан ары да айта берем! Буга чейин бир да бийликтен тайсалдаган, тайманган эмесмин. Мындан кийин да тайманбайм!

- “Ата-Журт” шайлоого катышабы? Өйдөдө катышар-катышпастыгыңыз чечиле электигин айттыңыз?

- “Ата-Журт” жеңип келген партия. Менсиз деле шайлоого катышууга мүмкүнчүлүгү бар жана сөзсүз жарышка түшөт. Жеке мен, өзүм үчүн, шайлоого катышуу жагын чече элекмин...деп маек берген Камчыбек Ташиев "Майдан.кж" гезитине.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости