www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Телефонду жоготуп алган учурда андагы маалыматтар аркылуу ээсине маселе жаралбаш үчүн кандай аракеттерди көрүү керектигин кибер коопсуздук боюнча адис Екатерина Рудаяга шилтеме берип "Прайм" агенттиги жазат.
Анын айтымында, телефонду уурдаган адамдардын аны ачып алуу мүмкүнчүлүгү көп. Мындай учурда көбү смартфондогу банкка байланыштуу тиркемелерди талкалап кирүүгө аракет кылышат.
"Сим-картанын өзүнө PIN-код коюп коюш керек. Айрымдарга башка бирөөнүн смартфонуна кирип, андагы маалыматтарды алуу үчүн телефондун номерин билүү жетиштүү", — деди Рудая.
Адис телефонун уурдатып ийген күндө компьютер аркылуу социалдык тармактардагы аккаунттардан "бардык жабдуулардан чыгуу" функциясы аркылуу чыгып кетүү керектигин айтат. Ошондой эле банкка чалып, тез арада банктык картаны блокко койдуруу зарыл.
Булак: NazarNews.kg