www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу окурмандар сиздердин алдыңыздарга “NazarNews.kg”маалымат сайты буга чейин дагы уурдалган жана плагиат ырчыларды ачыкка чыгарып келгенбиз. Мындан ары да “Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар...” аттуу рубрикабызды тартуулай бермекчибиз. Бул рубрикадан сиздер кыргыз ырчыларынын чет элдик ырчылардын ырларын уурдап же плагиаттык кылып ырларды аткарып жүргөндөрүн жарыя кылабыз.

Кыргыз шоу-бизнесинде ырчылар көбөйдү. Бул жакшы нерсе. Бирок алардын арасында таланты бар таанышы жоктор четке сүрүлүп калып кетсе, кээ бир үнүн уксак коркуп кете турган ырчылар, компьютердин жардамы менен жылдыз болуп жүргөндөр да жок эмес.

Акыркы жылдары коёндой окшош ырлар көп жарала баштады. Бирок, азыр ырчысы, аранжировщиги деле ильхомго карап, эмгектенбей эле даяр ырларды уурдап, хит кылып, авторлору менен иши жок которуп ырдап жүргөндөр көбөйдү. Канткен күндө да айрым ырчылар музыкалык форма, натуралдык үндүн жана музыкалык акустиканын эрежелерин сактап жүрүшсө жакшы болмок.

Ал эми биздин кезектеги каармандарыбыз Алтынай Нарбаева жана Мирбек Атабеков жана алардын аткаруусундагы “Мен сени сүйөм, өмүр” аттуу ыр болмокчу. Обону менен сөзү бири-бирине шай келген бул чыгарманын түпкү нускасы казак элине таандык. Былтыркы жылы бул чыгарма казак элинин эң таланттуу ырчы айымы Роза Алкожа “Мен сені сүйем өмір”- деп аткарып чыккандан бери бул ыр менин жеке плейлистимден орун алган.

Андан соң жакында эле бул ырдын кыргызча вариантын кокустан угуп калып таң калдым. Эл оозуна алынып калган ырчыларыбыз Алтынай айым менен Мирбекте мындан башка ырдай турган ыр жокпу? Эмнеге казактардын болгондо дагы Роза айымдын өз оозунан уруксаат албай ырдап чыгышат? Ортого тааныш-билиш кыргызчылыкка салмай адат байланды... Балким, мындай керемет ырларды биздин мыкты композиторлор деле жаратмак...

Ооба, казак ырчысы Роза айымга сөз жок. Анын төрт тарабы төп келген ар тараптуу аткаруучу, актриса, композитор экенин эч ким тана албайт. Бул ырдын обонун да Роза айым өзү жаратып, сөзүн курбусу Жадыра Байбуланова жазган.

Кыскасы, биздин ишенген ырчыларыбыз башка элдин ырларын аткарып чыгууга тыюу салынаар күн качан келээрин күткөнүм күткөн. Күнү-түнү изденип, уйкудан калган биздин обон жаратуучуларыбыздын эмгеги кайсы күнү акталаар? Бекерчиликке көнгөн ырчыларыбыз башка улуттун даяр ырын чала-була чампалай салып элге жарыялай салганы баарынан өкүнүчтүү... Андай ырларды уккан кулактарга айла жок.

Төмөндө эки элдин тең аткаруусундагы ыр бар. Тыңдап, өз бааңыздарды бериңиздер окурмандар!

Маржан Назарбаева,

Булак: NazarNews.kg

Последние новости