www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Миллиондорду мойсогон "караандар"

Салык жашырууга жана жасалма кошумча нарк салыгын кайтарып берүүгө байланышкан ири коррупциялык байланыштардын бети ачылганы жарыяланды.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы, Башкы прокуратура жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы экономикалык жана кызматтык кылмыштарга байланыштуу үч ири фактыны таап чыкты.

Бул бети ачылган коррупциялык схемалардын кесепетинен мамлекеттин бюджети жана өлкөнүн экономикасы жалпысынан бир миллиард сомдон ашуун зыян тарткан. Бирок саясий чөйрөдө бул иштердин аткаруучулары гана кармалып, анын башында тургандар жоопко тартылбай жатканы айтылууда.

Бир текшерүүдөн чыккан миллиондор

Президент Сооронбай Жээнбековдун коррупцияны ооздуктоо чакырыгынан кийин күч түзүмдөрү бир топ жанданып, кийинки күндөрү салык, бажы тармактарындагы ири өлчөмдө салык жашырууга жана кошумча нарк салыгын кайра төлөп берүүгө байланышкан үч чоң иштин бетин ачканын жарыялап чыгышты.

Алардын ичинен соңкусу - өкмөткө караштуу комиссия кошумча нарк салыгын кайтарып берүү боюнча 2016-2018-жылдар аралыгында мыйзамсыз чечимдердин негизинде мамлекеттик бюджетке 847 миллион сомдон ашуун зыян келтирген фактынын бети ачылганы болду.

Башкы прокуратуранын өкүлү Канатбек Султанов бул туруктуу коррупциялык схемаларга тиешелүү кызмат адамдарынын жана ишкана кожоюндарынын катышы бар экени аныкталганын билдирди:

- Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жеке менчик компаниялардын жетекчилери менен жооптуу кызмат адамдарынын ортосунда республиканын салык жана бажы чөйрөсүндө туруктуу иштеп келген коррупциялык байланыштар аныкталды. Өкмөт тарабынан бекитилген кошумча нарк салыгын кайтаруу жана ордун толтуруу боюнча комиссиянын мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген чечимдеринин негизинде кээ бир жеке менчик ишканаларга кошумча нарк салыгы мыйзамсыз төлөнүп берилген.

Иллюстрациялык сүрөт.

Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөттүн астында түзүлгөн бул комиссияга экономика министринин орун басары төрагалык кылып, ага Экономика, Финансы министрликтеринин, салык, бажы кызматтарынын, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын жана башка мекемелердин жогорку даражадагы аткаминерлери мүчө болушкан.

Бирок Башкы прокуратура тараткан учкай маалыматта жасалма документтердин негизинде кошумча нарк салыгы төлөнүп берилген компаниялар жана ошондой чечимдерди кабыл алган жогорку кызмат адамдарынын аттары аталган эмес.

Мындан мурун ушундай эле жол менен мамлекеттик бюджетке 217 миллион сомдук зыян келтирилген фактынын бети ачылып, буга байланыштуу Мамлекеттик салык кызматынын катардагы беш кызматкери камакка алынган.

Мамлекеттик салык кызматынын мурдагы төрагасы, парламенттин мурдагы спикери Акматбек Келдибеков мындай ири коррупциялык иштер катардагы салыкчылардын колунан келбей турганын айтып, алар бул иште жөн гана аткаруучулар болушу мүмкүн экенин айтып чыкты:

Акматбек Келдибеков.

Акматбек Келдибеков.

- Өкмөт түзгөн ошол комиссиянын курамына кирген салык кызматынын, бажы кызматынын, Каржы полициясынын, Финансы министрлигинин жана Экономика министрлигинин тиешелүү жетекчилери эмне үчүн жооп беришпейт? Анткени эң акырында ошол отчетторду алар текшерип көргөндөн кийин гана чечим чыгарылып, төлөнүп жатпайбы? Ошол үчүн катардагы жөнөкөй салыкчыларды алып барып камап коюп, анан аны менен бул ишке чекит коюу туура эмес болуп калат. Бул жерде ошол комиссия кандай корутунду чыгарган? Ошого жараша алардын ар биринин жоопкерчилигин караш керек. Кармалган салыкчылар - алар жөн гана аткаруучулар. Алар буга окшогон миллиондогон сомдук коррупциялык иштерди өз алдынча жасай алышмак эмес. Жүздөгөн миллион сомду чыгарып кетүү алардын колунан келбейт. Бул жерде анын башында турган, бирок эч жерге колу коюлбаган жогорку кызмат адамдары турушу мүмкүн.

Прокуратуранын маалыматына караганда, "Товарды экспортко чыгарган" деген жасалма документтер аркылуу бул комиссия чыгарган чечимдердин негизинде өткөн эки жыл ичинде аты аталбаган жети компанияга жалган экспорт үчүн кошумча нарк салыгы мамлекеттик бюджеттин эсебинен кайра кайтарылып турган. Ал жалган экспорттук операциялардын жүргүзүлгөнү жана документтердин жасалмаланганы чет өлкөлөрдүн тиешелүү органдары берген жооптордун негизинде ырасталган.

Мыйзам боюнча товарларын экспортко чыгарган компаниялардын кошумча нарк салыгы кайтарылып берилет. Өкмөттүк комиссия "И" жана "П" деген шарттуу аталыштагы эки компанияга эле жалган экспорт үчүн борбордук казыналыктан 437 миллион сом кошумча нарк салыгынын ордун төлөп берүү тууралуу чечим чыгарган. Анын 393 миллион сому буга чейин толук төлөнгөн. Ушундай эле жол менен калган беш компанияга да ар кимисине ар кандай өлчөмдө жалган экспорт үчүн 454 миллион 441 миң сом которулган.

Мунун айынан мамлекет тарткан зыяндын өлчөмү 847 миллион 441 миң сомду түздү.

Комиссия дооматты моюнга албайт

Мындай чечимдерди чыгарган өкмөткө караштуу мекеме аралык комиссиянын төрагасы, экономика министринин орун басары Баккелди Түмөнбаев менен байланышууга мүмкүн болбоду. Бул комиссиянын мүчөсү, финансы министринин орун басары Алмаз Азимов Башкы прокуратура койгон дооматка карата мындайча жооп берди:

- Негизи Мамлекеттик салык кызматы комиссияга жыйынтыгын эле берчү. Канча фирма кароодон өткөнү жана алардын арасынан канчоосу ошол каражатты кайтарып берүүнү суранып жатканы боюнча эле кыскача маалымат берчү. Анан комиссиянын иш тартиби боюнча бизге катчылык материалдарды бериши керек. Ал эми комиссия мүчөлөрү ошол документтерди гана карап чыгып, ошонун негизинде гана чечим кабыл алышат. Бирок Мамлекеттик салык кызматы берген ал документтердин баарын башынан баштап толук текшерип чыкканга кеңири мүмкүнчүлүк болбойт. Мен бул комиссиядагы өзүмдүн милдетимди биздин башкармалыктын башчысына өткөрүп берген элем. Анткени мен ар кайсы иш сапарларында болуп калып, анын иштерине катыша алган эмесмин. Андыктан ошол айтылып жаткан фирмаларга кандайча кошумча нарк салыгы кайтарылганын билбейт экемин.

Бул факты боюнча өкмөткө караштуу комиссиянын төрагасына жана анын мүчөлөрүнө кылмыш иши козголо элек. Болгону жогорудагы эки чоң кызматтык кылмыш иши боюнча салык кызматынын райондук бөлүмүнүн жана борбордук аппараттын катардагы беш кызматкеринин үстүнөн гана "Коррупция","Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Кызматтык жасалмалоо" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду.

Садага чабылган салыкчылар

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков жетекчилердин жоопкерчилиги каралбай жатканын сынга алды:

Рыскелди Момбеков.

Рыскелди Момбеков.

- Жакында эле "217 миллион сомду чыгарып кеткен беш салыкчыны камадык" деп шардана кылдыңар. Жөнөкөй бир катардагы салык кызматкерлерин кармадыңар. Алар аткаруучу гана болушу мүмкүн. Анткени ал салыкчылар жетекчилеринин уруксаты жок андай ишке бара алмак эмес. Ал миллиондор алардын тамагынан өтпөйт, жутуп чайнап, сиңирип кете албайт болчу. Алар болгону аткарган иши үчүн 5-10 пайыз чотурга отурушу мүмкүн. Ал эми эң эле негизгиси - ага ушул жердеги жетекчилер отургансыңар. Кимдер башында турганын кыйын болсоңор алып чыкпайсыңарбы? Алып чыга албайсыңар.

Жалган экспорт үчүн кошумча нарк салыгын төлөп берүүгө байланыштуу иштерди иликтөө учурунда мал терисин жана булгаарыны алып-саткан "ТяжМашПромТорг" компаниясы 239 миллион сом өлчөмүндө салык жашырган фактынын бети ачылды. Мында да "кошумча нарк салыгын кайтарып берүү" деген негизде ири өлчөмдө акча чыгарылып кеткен. Буга чейин ушундай эле күңүрт схемаларга байланыштуу "Поларрис" жана "Интеррустрейд" компанияларына карата кылмыш иши козголгон болчу. Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз катчысы Эркинбек Сазыков бул иштер үчүн бардык айыпты салык органдарына эле оодара берүүгө болбой турганын айтты:

- УКМК козгогон кылмыш ишине байланыштуу кармалган ошол беш салык кызматкери салык кызматынан биротоло бошотулду. Бул жерде ал ишти кайра төлөп берүү боюнча бөлүмдүн кызматкерлери кылып жатпайбы. Ошол үчүн буга катышы бар кызматкерлер жоопкерчиликке тартылып жатышат. Ал эми жетекчилер бизде ар кандай себептерден улам жыл сайын эле алмашып турушат. Ошондуктан кылмыш ишине байланыштуу беш кызматкерди эле ээлеген кызматынан алдык. Бул ишке башка кызматкерлердин катышы бар экени аныкталса, анда алар да ээлеген кызматынан бошотулат. Бул жерде негизинен кылмыш иши боюнча комиссияга басым жасалып жатат. Анткени ал жактагылар акыркы чечимди кабыл алат да. Өкмөт тарабынан түзүлгөн ал комиссияда салык кызматынын эле эмес, башка тармактардын да өкүлдөрү бар да.

Бажыдагы "баалуу" байланыштар

Мындан сырткары УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы бажы тармагындагы көптөн бери калыптанып калган коррупциялык схемаларды таап чыгып, бир канча кылмыш иштери козголгону жарыяланды. Бул кылмыш иштеринин көпчүлүгү бажы өткөрмөлөрүндөгү аткезчилик жана "жалган транзит" сыяктуу ишкерлер менен бажычылардын кылмыштуу байланыштарын ашкерелейт.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров бул багытта жасалып жаткан иштердин алгылыксыз болуп жатканын, мыйзамдардын аткарылышы боюнча маселе бар экенин айтты:

Төрөбай Зулпукаров.

Төрөбай Зулпукаров.

- Коррупцияга каршы күрөш кызматы, каржы полициясы жана бажы кызматы, "жалган транзит" боюнча кандай жаңы маалыматтарыңар бар. Анткени ошол боюнча да иш алып барышыңар керек. Ал жактан да көп нерселер чыгат.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Жеңишбек Исаков мекеменин ички коопсуздук башкармалыгы тарабынан аткезчиликке жана "жалган транзит" аркылуу аткезчилик менен келген товарларды Кыргызстандын аймагында мыйзамдаштыруу сыяктуу аракеттерге каршы чара көрүлө баштаганын билдирди. Анын айтымында, топтолгон материалдар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) өткөрүлүп берилди:

- Бул маселе боюнча чын эле көйгөйлөр бар. УКМК бул боюнча бир нече кылмыш ишин козгогон. Биз жакында эле өзүбүздүн кызматкерлер боюнча топтолгон бир топ материалдарды да өткөзүп бергенбиз. Алар мыйзамды бузуп, иш жүзүндө товарлар жүктөлгөн автоунаалар биздин аймак боюнча өтпөсө деле, маалымат тутумунда аны өткөн катары тууралаштырып, "транзит болду" деген негизде жаап салышкан. Буга окшогон 59 факты боюнча материалдарды биз жакында Башкы прокуратурага өткөрүп беребиз. Буга чейин 33 факты боюнча материалдарды өткөрүп бергенбиз. 2017-жылы катталган буга окшогон фактылардын натыйжасында мамлекет 400 миллион сомдон ашуун зыянга учураганы аныкталган. Быйылкы жылдын эки айында эле ушуга окшогон жалган транзит боюнча фактылардын негизинде 144 миллион сом зыян келтирилгени аныкталып отурат.

Коррупция бар, коррупционерлер жок

Анткен менен Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков коррупциянын тамырын кыркыш үчүн биринчи кезекте ага каршы күрөшө турган күч түзүмдөрүнүн катарын тазалоо зарыл экенин белгиледи. Рыскелди Момбеков коррупцияны бажы, салык тармагынын, УКМКнын жана каржы полициясынын жогорку кызмат адамдарынын арасынан издеш керек экенин айтты:

- Коррупция фактылары катталып жатса - демек ал жерде коррупционерлер да бар да! Бирок эмнеге ошол "чоң киттерди" ачыкка алып чыкпайсыңар? Анан дагы "коррупция менен күрөшүп жатабыз" деп айыл аймагында иштегендерди, дарыгерди же бир катардагы мугалимди 2000 миң сом менен кармап алып, мактанып жатасыңар. Силердин ишиңердин жыйынтыгы ушулбу? Коррупцияны коррупцияга каршы иштей турган мамлекеттик органдардан издеш керек. Мына, иттин өлүгү каякта көмүлгөн.

Буга чейин мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөштү күчөтүүнү тапшырып, биринчи кезекте күч түзүмдөрүнүн жана фискалдык органдардын арасын тазалоо маселесин көтөргөн болчу. Бир катар саясатчылар алардын жетекчилерин алмаштырмайын, алардын катарын коррупционерлерден тазалоо мүмкүн эмес экенин белгилеп келишет.

Булак: "azattyk.org"

Последние новости