www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу Ата-Мекендик согуштагы - фашизмге каршы Жеңиштин 75-жылдыгына карата 72 жылдан кийин ээсин тапкан орден тууралуу окурманыбыз редакциябызга кат жолдоду.

"2015-жылы март айында түш көрдүм. Түшүмө илмеги сынып калган кызыл жылдыз ордени жана атам кирди. Түшүмө "аян" берген АЛЛАХыма миң мертебе шүгүр. Эртең менен турганда түшүмдү аялыма жана келиниме айтып бердим да кичүү келиниме (Токоева Назгүл Анарбек кызы), балам интернеттен издеп карап көрчү, балким атама апаат согуштун эскерүү сыйлыгы бар болуп жүрбөсүн дедим. Келиним эртеси күнү "Подвиги народа" деген Российский сайттан издеп карап, "чоң атабыздын кызыл жылдыз ордени бар беле" деп сурады. Мен "жок" дедим.

Анда "дедушкабызга" кызыл жылдыз ордени берилиши керек деп "Подвиги народа" деген Орусиянын сайтын көргөздү. Ошондо атам 1945-жылынын март айларында Берлинге болгон салгылашуудагы эрдиги үчүн сыйлыкка көргөзүлгөн экен. Ал жерден атам оор жарадар болуп ооруканага жатып калат, чала-була сакайып сыйлык менен да иши жок ата-энесин, туулган жерин сагынып, 1939-жылы армияга кеткен. Ал эми 1946- жылы үйүнө кайткан экен.

Согушта жүргөндө 2-жолу жарадар болгон. Биринчиси Орёл шаарында, ооруканага жатып, бир аз сакайып, кайтадан фронтко кеткен.

Мен 2015-жылдын март айынын баштап, 2018-жылдын май айынын ортосуна чейин Россиянын Генштабы менен жазышып жүрдүм, тигиндей-мындай документ керек дешет. Баарын даярдап бердим, бирок майнап чыккан жок. Анан 2018-жылынын май айында Россиянын президенти В.В.Путин телевизорго "Прямой эфирге" чыгып калды, ага болгон жагдайды түшүндүрүп, видео-кайрылуу жөнөттүм.

2018-жылы июнь айында Россиянын  Кыргызстандагы элчиликтен байланышып, "атаңыздын 1945-жылы ыйгарылган сыйлыгын алып кетиңиз" дешти. Элчиликке мен, карындашым иним, улуу балам, жана неберем болуп барып алдык. Сыйлыкты алаарда (чын айтайын) кадимкидей ыйладым. Себеби атам 72-жашында каза болгон. Ошол согушта алган жараатынын айынан, орденин 72-жылдан кийин алдык. Келиним Назгүлгө чооң ыраазычылык билгиздим. Согуштан кийин тынчтык кезинде эмгектенип "АРДАК БЕЛГИСИ" ордени менен сыйланган. Ошентип 2018-жылдын күзүндө бир туугандар чогулуп, ата-энебизге Куран окутуп түлөө өткөздүк. Биз балдары атабыздын эрдиктери, тайманбастыгы, өжөрлүгү, чынчылдыгы, кайраттуулугу менен сыймыктанабыз.

1945-жылы 9-май "УЛУУ ЖЕҢИШ"

Баш ийип таазим кылам жалпыңарга,
Эл-жер үчүн жан берген баатырларга,
Келечекте эркиндикте жашасын деп,
Биз үчүн курман болгон АТАЛАРГА.

Эрдигиңди даңазалап жазды тарых,
Биз силерге өмүр бою карыздарбыз
Эркиндикти бул жашоого алып келген,
Президент да Өкмөт да баары карыз.

Алтын башын аябай бул жашоодо,
Келечекте жамандыкты жолотпоого,
Биз үчүн жанын курман кылгандарга,
Баатырларга төшүн тоскон дзотторго

Жаштарга сабак берип кайрылалы,
Түшүнбөскө таарыхты кайра айталы,
Аталарды биз үчүн курман болгон
Элестерин даңазалап сыйыналы.

Даярдаган: Үмөт уулу Мурат

Булак: NazarNews.org

Последние новости