www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нигерияда видеоконференциянын Zoom сервиси аркылуу өлүм жазасына тартуу боюнча өкүм чыкты. Бул тууралуу CNN кабарлады.

Маалыматка ылайык, виртуалдык соттук процесс 4-май күнү өлкөнүн эң ири шаары Лагосто өткөн. Олалекан Хамидди энесинин кызматкерин өлтүргөнү үчүн жазанын эң оор түрүнө тартылган. Ал аталган кылмышты 2018-жылы жасаган. Айыпталуучу процесске абакта жатып Zoom сервиси аркылуу катышканы айтылды. Видеоконференцияга прокурорлор, адвокат жана сот катышкан.

Айыпкер качан дарга асылары ачыкталган жок. Журналисттер Олалекан менен байланыша алган эмес, болгону айыпталуучу тагылган күнөөнү мойнуна албай жатканы белгилүү болду. Соттук жыйын Нигериядагы карантинден улам ушундай форматта өткөн.

Amnesty International укук коргоо уюмунун өкүлдөрү соттук практиканын мындай түрүн дароо сындап чыгышты. Алардын айтымында, бул формат процесстин ачык жана адилет өтөрүнөн күмөн санатат.

Булак: NazarNews.org

Последние новости