www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри, экс-депутат Улукбек Кочкоров АКШда курьер болуп иштеп жүргөнү тартылган видео боюнча комментарий берди.

Ал журналист Эрнис Кыязовдун YouTube каналына берген маегинде ар кандай эмгек ардактуу экенин айтып, мындай иштен уялбай турганын белгиледи.

Кочкоровдун айтымында, интернетте тараган видео мындан эки жыл мурун тартылган.

Ал видеонун кайрадан коомчулукта чоң талкуу жаратканына таң калганын билдирди.

«Ар бир жигиттин башында ар кандай иштер болот. Бардык жумуш ардактуу. Мен үчүн бул уят эмес. Мен министр болуп төрөлгөн эмесмин. Иштеп чоңойгом.

Тамеки, өрүктө иштечүбүз, мал кармап чоңойдук. Министр болуп келген эмеспиз, министр болуп кетпейбиз», — деди Кочкоров.

Ал учурда жумушу жана бизнеси бар экенин, бош убактысында ар кандай иштерди жасап коюуну кадимки көрүнүш катары кабыл аларын кошумчалады.

Буга чейин социалдык тармактарда Улукбек Кочкоровдун унаанын багажына таңгактарды салып жаткан видеосу тараган. Анда анын АКШда Amazon компаниясында курьер болуп иштеп жатканы айтылган.

Улукбек Кочкоров Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болгон.

Ал 2017-жылдагы президенттик шайлоого катышып, 2018-жылы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри болуп дайындалган. 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин министрлик кызматынан бошотулган.

Последние новости