www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМКнын тергөө абагында карантин жарыяланды

УКМКнын тергөө абагында карантин жарыяланды. Бул тууралуу журналисттерге адвокат Сергей Слесарев билдирди.

Анын айтымында, бардык жолугушуулар жана катышуулар жокко чыгарылган. Соттолуучулардын адвокаттары да, камакка алынгандардын укуктарынын бузулушун көзөмөлдөгөн укук коргоочулар дагы тергөө абагына киргизилбей жатат.

«Алмазбек Атамбаевдин ден-соолугу кандай экени мага белгисиз. Мен өзүм дагы ооруп жаткандыгыма байланыштуу учурда өргүүдөмүн. Дарыгерлер пневмония диагнозун коюшту», — дейт Сергей Слесарев.

Сергей Слесаревдин УКМКнын тергөө изоляторундагы камактагылардын кимиси ооруп жаткандыгы боюнча маалымат жок. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул боюнча комментарий бере элек.

Эске сала кетсек, буга чейин тергөө изоляторунда 11 кызматкер ооруп жаткандыгы тууралуу кабарланган. Бирок УКМК бул маалыматты тастыктаган жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости